Menu

Анжиянда оорукана кызматкери пенсияга чыккан күндүн эртеси өз жанын кыйды

Бөлүшүү:

20-февралда Анжиян облусунун Шахрихан районундагы медициналык бирикменин кадр бөлүмүндө иштеген 55 жаштагы Зульхумор Рустамованын сөөгү табылды. Ал муунуп өлгөн.

Экспертизадан кийин Шахрихан райондук ички иштер бөлүмү маркумдун денесин туугандарына өткөрүп берди. Учурда прокуратура тергөө иштерин жүргүзүүдө.

–Аял ооруп жүргөнбү же башка себептер менен өз жанын кыйдыбы – азырынча белгисиз. Биз протокол түзүп, прокуратурага өткөрүп бердик, – деди милиция кызматкери.

Зульхумор Рустамованын туугандарынын биринин айтымында, аны күч менен пенсияга жөнөтүшкөн, мындан улам ал депрессияга кабылып, өз өмүрүн кыйган.

Рустамованын кесиптештеринин бири билдиргендей, маркум жамааттын көзүнчө башкы дарыгерге пенсияга кеткиси келбей жатканын айткан. Бирок жетекчилик бюджетте акча тартыш экенин билдирип, анын “эс алууга” жөнөткөн.

Өлкө мыйзамдарына ылайык, Өзбекстанда эркектер 60, аялдар 55 жашында пенсияга чыгат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: