Menu

Тергөө комитети камактагы казак жаранынын кыйноого кабылышы боюнча териштирүү баштады

Бөлүшүү:

Санкт-Петербургда кармалган казакстандык активист-антифашист Виктор Филинков кыйноого кабылганы боюнча Орусиянын Тергөө комитети териштирүү иштерин баштады. Бул тууралуу Фейсбук аркылуу анын адвокаты Виталий Черкасов билдирди.

Буга чейин аскер прокуратурасы Филинковдун кыйноого кабылганы тууралуу маалыматтарды текшерүүдөн баш тартып, адвокатттын кайрылуусун Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына жолдогон. Филинков болсо анын дал ошол ФСБ кызматкерлери сабап, керектүү көрсөтмө алуу үчүн электрошокер колдонгонун билдирген.

Филинков 23-январда “террордук топтун ишине катышкан” деген айып менен кармалган.

Филинков түрмөгө барган Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөлөрүнө аэропортто кармалгандан кийин кыйноого алынганын айткан. Комиссиянын документтерине ылайык, Филинковдун денесинде электрошокерден калган күйүктүн издери табылган. Айыпталуучунун айтымында, аны ФСБнын кызматкерлери жана беткапчан адамдар токойго алып барып, тагылган айыптарды моюнга алышын талап кылып кыйнашкан.

Астана орус бийлиги Казакстан жараны кармалганы тууралуу убагында консулдукка кабар бербегенин маалымдаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: