Menu

Кыргызстан мобилдик капчыкка «макул»

Бөлүшүү:

Aoс.kg сайтында “Уюлдук операторлор электрондук капчык кызматын көрсөтүшү керекпи?” деген суроо добушка коюлуп, жыйынтыгы таң каларлык болду. Добуш берген 105 миңдей жарандын 93 миңге жакыны мобилдик акча которууларга “Макул” деп добуш берди. Уюлдук операторлор менен Улуттук банктын ортосундагы: мобилдик эсептен толуктоо мүмкүнчүлүгү бар электрондук капчык болушу керекпи деген талашта башынан эле Улуттук банктын демилгеси колдоо табат деген күмөн саноолор болгон. 12-январда эле Улуттук банк тарабынан КРнын Улуттук банк Башкармалыгынын 30.03.2016-жылдагы №15/6 “Электрондук акчаны пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу долбоору кайрадан коомдук талкууга коюлган. Буга ылайык, абоненттин жеке эсебинен электрондук капчыкты толуктоого тыюу салынмак. Бирок коомчулук бул идеяны колдогон жок.

Майда-чүйдө сатып алууларды жана башка кызмат акыларды смартфон аркылуу төлөө – бүгүнкү күндүн зарылчылыгы. Бүт дүйнө жүзү ушул багытта бара жатат жана бизде, Кыргызстанда да өнүгүүгө каршы багытта кетүүгө эч кандай себеп жок. Электрондук төлөмдөр – санариптик дүйнөнүн ажырагыс чындыгы. Эгер биз прогрессивдүү технологиянын агымында болобуз десек, анда мобилдик капчыктан эч кайда качып кутула албайбыз Бүгүнкү күндө банктардын инфраструктураны кууп жетүүгө мүмкүнчүлүгi аз. Банк секторунун республика боюнча 2500дөн бир аз ашык эсепти толтуруу түйүндөрү бар. Ал эми уюлдук операторлордун мындай түйүндөрүнүн саны 25 000ди түзөт. Бир дагы инвестиция бул эсепти толуктай албайт жана электрондук төлөмдөрдү уюлдук операторлордун катышуусу жок мобилдик банкинг сыяктуу ийкемдүү кызмат көрсөтүү сунуштай албайт. Эгер банк сектору бул суроодо уюлдук операторлор менен жарышууну максат кылбай турганын эсепке алсак, анда мобилдик капчыктардын келечеги ачык-айкын көрүнүп калат.

Абоненттердин саны канчалык көп экенин саноо оорчулук жаратат, анткени биздин өлкөдө 6 миллион калк болсо, алар алган сим-карталардын саны 7 миллион. Балким, смартфону жок адамдар деле болсо керек – элден алыс, жалгыз жашагысы келгендер. Ошондой болгон күндө деле аларды банктык акча которуулар кызыктырары күмөн жаратат.

Жыйынтыгы белгилүү болуп турса да, aoс.kg сайтында азыр деле добуш берүүгө мүмкүн. Улуттук банктын мобилдик эсептен толуктоо системасынын коркунучтары тууралуу келтирген аргументтери уюлдук операторлор тарабынан жокко чыгарылды. Албетте, уюлдук операторлор кандай суроо болбосун жооп берүүгө, эң жогорку деңгээлдеги коопсуздукту камсыз кылууга жана банктар менен иштешүүгө толугу менен даяр.

Уюлдук операторлор жана банктар электрондук төлөм кызматы боюнча бирге иштешүүгө аргасыз. Банк секторуна бул пайда гана алып келет, анткени алар жаңы аудитория менен камсыз болушат. Мобилдик төлөмдөрдүн өнүгүүсү эсеп ачуу үчүн атайын бөлүмдөргө паспорту менен келе элек жарандар арасында суроо-талапка ээ кызмат болот. Негизинен ал адам баары бир банктын кардары болуп калат, анткени системадагы бардык транзакцияларды банк сектору ишке ашырат. Банктар өзүлөрүнө эмне пайда экенин сезүүгө, түшүнүүгө жана баалоого тийиш.

Андыктан шектенүүгө себеп жок – Кыргызстанда уюлдук операторлордун электрондук капчыктары өнүгүүнүн үстүндө болот. КРнын Улуттук банкы үчүн азыр эң маанилүүсү –реалдуулукту кабыл алып, уюлдук операторлор менен эки тарапка тең пайдалуу кызматташтык боюнча келишимге келүү. Бул кызматташуу айрыкча бардык кыргызстандыктар үчүн пайдалуу болорун унутпасак.

Булак: Багыт 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − 77 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: