2018-жылдын 21-февралы саат 14:22де Чүй облусунун Токмок шаарынын Гагарин көчөсү №82 дарегинде жайгашкан “Наристелер үйүндө” электр калканы күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө КР ӨКМнин №21 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылып, өрт саат 14:43тө чектөөгө алынып, саат 14:59да толук өчүрүлгөн. Кырсык болгон жерде Наристелер үйүндөгү 14 бала эвакуацияланган. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби электр жабдууларын куроодо өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ