Menu

Жээнбековдун журналистке доосун канааттандырган өкүм күчүндө калды

Бөлүшүү:

Жогорку сот 22-февралда президент Сооронбай Жээнбековдун журналист Кабай Карабековго койгон доосу боюнча ишти карап, Свердлов райондук соту менен Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу Карабеков өзү “Азаттыкка” билдирди.

Соттун чечимине ылайык, эми Карабеков Жээнбековго 5 млн. сом төлөп бериши керек:

– Коллегиялык соттун отуруму он мүнөткө да жеткен жок. Биздин жүйөлөрдү кыпындай да эске алышкан жок. Менин макаламда “бир тууган Жээнбековдор” деп жалпы жазылган, а Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн өзүнө алып, арыз жазганы белгисиз. Мен “чындап ушундай” деп аныктама берген эмесмин. Ошого карабай 5 млн. сомго доого жыкканы бул соттун коррупциялашканын далилдеп турат. Жөнөкөй жаран менен президент соттошуп жатса, албетте, соттор президентти угап, президент утат да, – деди Карабеков.

Былтыр 11-сентябрда 24.kg сайтында Кабай Карабековдун “Сочиге сапар. Кремлге мураскердин артыкчылыгын кайра түшүндүрүп жатышат” деген макаласы чыккан. Анда “президенттердин жабык жолугушуусунда Москва кыргыз тарапка эки өлкөнүн атайын кызматтарынын бир тууган Жээнбековдордун радикал араб уюмдары, анын ичинде Орусияда террордук деп табылган “Социалдык реформалар коому” менен тыгыз байланышы тууралуу маалыматына тынчсызданарын кыйытты” деп жазылган.

Ошол кезде президенттикке талапкер болуп турган Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабы макаланы “ушак жана жалган жалаа” деп сотко кайрылган. Доочу моралдык зыян катары макаланын автору Кабай Карабеков менен 24.kg агенттигинин ар биринен беш миллион сомдон өндүрүүнү өтүнгөн. Свердлов райондук соту алардын өтүнүчүн канааттандырган.

22-декабрда Бишкек шаардык соту ишти карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Быйыл 5-февралда президент Сооронбай Жээнбеков 24.kg маалымат агенттигине каршы 5 миллион сомдук айыппул өндүрүү тууралуу доосунан баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 14 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: