Шаршенбек Абдыкеримов деген ишкер Максим Бакиев менен кошуна болоюн деп Лондондон бир кап долларга көп кабат үйдөн квартира сатып алганы бар. Үйдүн бийиктигине көз жүгүртөйүн деп өйдө карасаң тебетейиң түшөт экен. «Аю» деген арак баш болгон ондогон ачкыл суу чыгарып, эми 34 ири ишкананы бириктирген “Аю Холдингди” башкарган чириген бай Шаршекең “Кыргызстан” деген партияны алдына салып айдап алып, парламентке алып келген. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” болуп, анын партиясындагы депутаттардын “косяктары” да чыга баштады. Фракция башчысы Канат Исаев өлкөдө төңкөрүш жасоого аракет кылганы үчүн шектелип кармалса, кечээ жакында Дамирбек Асылбек уулу деген депутат Казакстанда контрабанда менен шугулданган уюшкан кылмыштуу топтун башчысы катары казак тараптын укук коргоо органдары аркылуу кармалып, Кыргызстанды бүт өлкөгө шардана кылды. Ал эми Шаршенбек Абдыкеримов өзү деле соо калбай, өзбек “авторитети” аталган Салимбай байбача менен тыгыз байланышта экенин далилдеди. Демек, Шакиң деле кылмыш чөйрөсү менен байланыш экендиги турган иш го. Жалал-Абадда Иномжон Абдрасулов жана Кадыржан Батыровдун пахта заводдорун да сатып алган деп уктук. Салимбай байбача менен бекеринен дос болбогон чыгаар…
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ