Menu

АКШнын Черногориядагы элчилигине граната ыргытылды

Бөлүшүү:

Черногориянын полициясы менен АКШнын Мамлекеттик департаменти бейшембиге оогон түнү Кошмо Штаттардын Подгорицадагы элчилигине граната ыргытылганын ырасташты.

Жарылуудан элчиликтин имараты жабыраган эмес, бирок кол салган адам өзү каза болгон. Жергиликтүү прокуратура менен полиция шектүү 1976-жылы Сербияда туулган Далибор Яукович деп маалымат таратты.

Окуя жергиликтүү убакыт боюнча он эки жарымда болгон. Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлүнүн айтымында, учурда дипломатиялык миссиянын кызматкерлери «полиция менен тыгыз байланышта» иштеп жатышат.

2017-жылы жайында Черногория НАТОго мүчө болгон. Бул чечим Кремлдин нааразылыгын жаратып, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле начарлап кеткен. Расмий Подгорица орусиялык Эдуард Шишмаковду өлкөнүн европачыл өкмөтүн кулатуу максатында төңкөрүш уюштурган деп айыптаган.Прокуратуранын маалыматы боюнча, 46 жаштагы Шишмаков Черногориянын НАТОго кирүүсүн үзгүлтүккө учуратууну көздөп, өлкөнүн премьер-министри Мило Жунаковичке кол салуу уюштурган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: