Menu

Сооронбай Жээнбеков ОПГга каршы чыкканга духу жетеби?

Бөлүшүү:

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү токтоп калды. Бандиттер баш көтөрө баштады. Ысык-Көлдө жергиликтүү бандиттер ка­рапайым элге, ишкерлерге тынчтык бербей калды. Жергиликтүү укук коргоо органдары алсыз болуп жатат. Чолпон-Ата шаарында Кам­чы Көлбаевсиз бир да маселе чечилбей турганын айтып келишет. Бакиев бийликтен кетип, убактылуу президенттик тактыга отурган Роза Отунбаева уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш баштап элдин сообуна калган эле. Тилекке каршы андан кийинки бийликтегилер Отунбаеванын эркиндей эрдикти жасай алышкан жок. Көрсө ОПГга каршы аял киши гана аттана алат экен да. Учурда Ошто Кадыр Досоновсуз (каймана аты “Женго”) маселе чечилбейт. Кайра эле баягы Бакиевдин заманындай болуп, милициянын “караларга” күчү жетпей калды. Бандиттерге каршы чыгууга азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун деле духу жетпейт го. Анткени, аты чыккан “каралардын” баарысы президенттик шайлоодо катуу иштешти…

Булак: Ачык саясат 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 40 = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: