Menu

Өзбекстанда мурдагы башкы прокурор камалды

Бөлүшүү:

22-февралда Ташкентте Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыров камакка алынды. «Азаттыктын» өзбек кызматынын булактары билдиришкендей, он күн мурун анын 42 жаштагы уулу Алишер Кадыров өлкөдөн чыгып кеткен.

22-февралда Көзөмөл органынын кызматкерлеринин бири мурдагы баш прокурор мекеменин башкы имаратында суракка алынып жатканын билдирген. Анын айтымында, Кадыров менен бирге прокуратуранын мурдагы жогорку кызматтагы эки кызматкери дагы кармалган.

Маалыматка караганда, Кадыров «мамлекеттик мүлктү ээлеп алган» жана «чет өлкөлүк банктар аркылуу акчанын изи жашырган» деп айыпталууда. Ага карата камакка алуу баш коргоо чарасы белгиленген.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасын 15 жыл башкарган Рашид Кадыров кызматтан 2015-жылы апрелде алынган.

Президент Шавкат Мирзиёев былтыр августта видеоселектордук жыйын маалында өлкөнүн прокуратурасын сынга алып, мекеменин кызматкерлерин «эң башкы уурулар» деп атаган. Атын атабаганы менен бул үчүн ал жоопкерчилик Рашид Кадыровго жүктөгөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 49

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: