Сооронбай Жээнбеков эмес эле, анын үкөсү Асылбек Жээнбеков президент болгондой элес калтырууда. Кызмат сурагандардын баарысы чака-чайнегин, аны-мунусун көтөрүнүп алышып, Асылбектин ЖКдагы иш бөлмөсүндөгү кабылдамасында кезекте турушат бытырашып. Асылбек эле эмес, анын кабылдамасындагы кыздары да каада күтүп калышыптыр калчылдашып. Депутатка келген карапайым адамдарды кагып-силкишип. Асылбек Жээнбеков болсо жалаң эле чондорду кабыл алып, карапайым адамдарды кабыл алууга колу тийбей жатыптыр. Ага жолугам деп баргандар, кабылдамасындагы кыздардан кагуу жеп артка кайтышууда. Асыке акылдуулук кылып, Бакиев бийлигинен сабак алып кландык башкарууга жол бербей напсисин тыйса болду. Капчыгы калыңдарды эле эмес, карапайымдарга көбүрөөк жакын болсо, Сооронбай агасына бир топ жардам кылган болот эле.
Булак: Ачык саясат
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ