БШК Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соттолгонуна байланыштуу мандатынан ажыратуу боюнча жакынкы күндөрү чечим чыгарганы турат. Аида айым Жогорку Кеңеште мандатынан ажырай турганын билип, парламент трибунасынан сотторго, прокурорлорго карата нааразычылыгын билдирген кайрылуу жасап, депутаттык коштошуу сөзүн айтты. Эми анын ордуна БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилова депутат болуп келе турганы маалым болду. Ал 2007-жылы БШКнын төрайымы болуп эмгектенген, кийин ысымын Гүлнара- Клара Самат деп өзгөрткөн. Кабилова БШКда төрайымдык кылган учурда Максим Бакиев коркутуп жатканын айтып, 2008-жылдары Москвага чыгып кеткен. Ал жактан ошол кездеги оппозиция лидери менен кызматташып келген.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ