Menu

Чубак ажыга мамлекеттин тиши өтпөй калдыбы?

Бөлүшүү:

«Ноорузду майрамдабагыла, динден чыгып каапыр болуп каласыңар» деп улуттун баалуулуктарына каршы чыгып, кыргыз элин экиге бөлүп чагымчылдык кылып жаткан Чубак ажыга мамлекет тарабынан катуу көзөмөл керек болуп турат. Антпесе мунун арты жакшылыкка алып барбайт. Эртең кеч болуп кала электе, бүгүнтөн баштап чара көрүлүш керек. Элдин үнүн уктубу, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия үн катты. Нооруз мамлекет тарабы­нан белгиленген расмий майрам экендигин эскерткен Дин комиссиясы Мусулмандар дин башкармалыгына жана Аалымдар кеңешине: «Ноорузду майрамдабоого чакыруу — бул өлкөнүн Конституциясында бекитилген светтик принциптерге каршы туруу. Бул ханафит масхабына дал келбейт. Чубак ажы Жалиловдун билдирүүлөрү коомду бөлүп-жарууга түртөт» – деген кайрылуу жолдоп, муфтият жана Аалымдар кеңешинен Чубак ажы Жалиловдун сөзүнө баа берүүнү суранды. Кызыгы, бул жагы “эрдик кылып кой союп, иттик кылып төш тартты” болуптур. Дегенибиз, мамлекеттин талап кылбай, ымтырап суранып отурганы жакшы эмес… Мыйзам иштебеген жерде ээн баштык өкүм сүрөт. Ээн баштарды сурануу аркылуу эмес, мыйзамдын күчүн көргөзүү менен тыят.

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: