Menu

Алмамбет Шыкмаматов, ЖКнын депутаты: “Аскерге барган күндөрүмдү азыр түшүмдө көрөм”

Бөлүшүү:

– Мен аскерде Владивосток шаарында Тынч океандын жээгинде кызмат өтөгөм. Ушул күнгө чейин ошол күндөрүм түшүмө кирет. СССРдин кубаты куралдуу күчтөрүндө болчу. Аскерде жүргөндө ар улуттун мүнөзүн, күнгөй-тескейин жакындан көргөм, анализдегем. Аскерде кызмат өтөө чоң сабак, психологиялык жактан да, физикалык жактан дагы. Сагынуу, куса болуу, алыстан кат күтүү деген терең сезимдер эстен кетпейт. Аскерге барган адам туулган жеринин кадыр-баркын ого бетер сезип калат. Ата-энеге болгон сый-урматы артат. Аскерге баруу менен адам жаңы тартип, жаңы тарбияга ээ болот. Бардыгы үйдө эркелетип отурган ата-апаңдай эмес экенин сезесиң. Ас­керге баруу коомго бат аралашууга жеңилдик берет.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 69 = 70

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: