Menu

Абдыкерим Гапаровдун өмүрүн кыскарткандар ээн-эркин тайраңдап жүрүшөт, акыйкаттуулук качан орнойт?!

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиздин, үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Коопсуздук кеңешинде сүйлөгөн сөзүңүз карапайым адамдарда, айрыкча, бизге окшоп канчалаган азап-тозокту баштан өткөзүп, чындыкка жете албай жүргөн шайлоочуларыңызда өлкөдө көптөгөн жылдардан бери орноп калган укук коргоо жана көзөмөл органдарынын башаламандыгына акыры чекит коюларына чоң үмүт жаратты. Сиз алардын ишмердүүлүгүнө эң туура диагноз койдуңуз, себеби, укук коргоо, көзөмөл, сот органдары адам тагдырлары менен ойногон баш кесер желдеттердин гана ролун аткарып калышты, аларга чындык издеп кайрылган бей-бечаралар, карапайым эл-журттун шору кайнап келатканы кашкайган чындык. Бирок, башка бара турган жерибиз жок болгондон кийин, үмүттөнүп кайрылат экенбиз, эч кандай адилеттүү натыйжа чыкпаса да… Мына ошентип, соттордон, укук коргоо органдарынан, прокуратура тармагынан көңүлүбүз көчкөн журттай калган маалда Сиздин Коопсуздук кеңешин өткөзүп, акыйкатты айтып, тапшырмаларды бергениңиз биздин өчүп бараткан үмүтүбүздү кайрадан жандантты. Дал ошондуктан, өз көйгөйүбүз менен Сизге кайрылууну чечтик.

Сиз өз сөзүңүздө Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматы – АКС жөнүндө: “АКСтин айрым кызматкерлери өзүнчө бир кол тийбес кастага айланып калышты. Бул жашыруун эмес, эл муну көрүп турат. Мындай кызматкерлер бүтүндөй АКСтин аброюна терс таасирин тийгизүүдө… Коррупциялых схемаларды аныктап, ачыкка чыгаруу боюнча биз талап кылгандай натыйжаларга жетишкен жок, көмүскө схемаларды билсе да, ачыкталган жок. Мугалимдерди, социалдык тармактагы кызматкерлерди 1500 сом, 8000 сом менен пара менен кармап, бирок ири кылмыштардын бетин ачууга тийиштүү көңүл бурулган жок. АКСтын алдына койгон пландары чаржайыт, кайталанма түрүндө болуп, коюлган талаптарга жооп бербей жатат. АКСтын кадрдык курамында турган ар бир кызматкердин ээлеген ордуна туура келээрин карап чыгуу зарыл”,- деп эң туура белгилеп өттүңүз.

Менин күйөөм, өмүрлүк жолдошум, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Медициналык академиясынын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаров да дал ушундай өз ишине кайдыгерлик, карасанатайлык менен мамиле кылган АКСтин кызматкерлеринин айынан өзүнүн иш кабинетинде каза таап олтурат. Сиздин деле бул окуядан кабарыңыз бар болсо керек, 2015-жылдын 25-февралында АКСтин ондон ашуун кызматкерлери Медакадемияга келип, Абдыкерим Гапаровду кабинетинен чыгарбай, ойдон чыгарылган айыпты мойнуна илүүгө аракет жасашкан. АКСтин кызматкерлеринин адамдык пастыгын караңыз, “ал кишинин жүрөгү оорулуу экен, кирип эле өзүбүздү тааныштырсак, эси ооп кулап калды”,- дешип, атүгүл, “жүрөгү ооруган адамда эмоционалдуу стресс болгондо дароо инфаркт болот”- деген сымал справканы жасап алышыптыр. Алар мындай жол менен өздөрүн актап кетүүгө аракет жасашууда! Анткени, жолдошумдун каза болушуна АКСтин кызматкерлеринин зордук-зомбулугу себепкер болгону кийимдеринин тытылгандыгынан, кагаздардын чачылганынан, денесиндеги көк-ала тактардан, эмеректердин сынгандыгынан көрүнүп эле турбайбы! Мунун баарын алар кайда алып барып катат эми?! Ошондо кабинетинен түшүнүксүз үндөр чыккандыгы, күйөөмдүн жан соогалап кыйкыргандыгы Медакадемиянын кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүндө таасын жазылып турбайбы!

Кийин, АКСчилер күйөөмдү жаманатты кылыш үчүн – Медакадемиянын аймагына күркө коюп берүү үчүн кызыкдар жарандан 30 миң сом пара талап кылганын айтып чыгышты. Өмүр бою ак иштеп, таза жүргөн адамга мындай айыпты жабыштыра алышкан жок. Медакадемиянын жетекчилиги да мунун карандай калп экенин айтып чыкты го. Мамлекеттен миллиондогон сомдорду уурдаган адамдарга сылык-сыпаа мамиле жасашат, а булар ушул 30 миң сомдук пара үчүн эле бүтүндөй чон топ болуп барып алыштыбы? Ким ишенет буга? Булардын максаттары башкада болгон, буга күйөөмдүн чөнтөгүндөгү жана сейфиндеги жолголгон акчалар да далил боло алат. Макул, булардын айтканы туура болсун, анда эмнеге оперативдик иш-чарасынын видеотасмасын көрсөтө алышпады, азыркыга чейин анын бир далилин айтып чыга алышкан жок! Менин күйөөмө карата негизсиз “рейддин” башында ал кездеги АКСтин жетекчиси, учурда Башкы прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаковдун тургандыгы анык. Учурда сот жоопкерчилигине үч эле АКСтин кызматкерлери тартылып жатат, алар тергөөчү Замирбек Суваналиев, ошондой эле ошондо эшик тосуп турган Алмаз Мусаев жана Чыңгыз Айманбаев. Дагы 6 АКСтин кызматкеринин ишин мыйзамсыз түрдө өзүнчө жашыруун өндүрүшкө чыгарып иийшкен, алар: К.Досмамбетов, Д.Бектемиров, С.Карагулов, Э.Таалайбеков, М.Мукамбетов, М.Жакыпбеков. Көрсө, бул аларды жазадан куткарып кетүүнүн эле айла-амалы экен. Бийлик, байлык колунда турганда, буларга биздин күчүбүз жетмек беле! Дал ошондуктан, Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова далилдер көз көрүнөө турса да, каратып турап З.Суваналиев, А.Мусаев, Ч.Айманбаевди “иш- аракетинде кылмыштын курамы жок” деп актап жиберди. Ошентип, менин күйөөмдүн каза тапкандыгынан кийин “моралдык жоопкерчилиги” үчүн кызматтан кеткен ошол кездеги АКСтин жетекчиси Бөкөнбай Казаков балдарына: “коркпогула, силерди куткарып алам”- деген сөзүнө турду.

Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова айыпталып жаткан адамдардын жолдошумдун өлүмүнө тикелей күнөөсү бар экендигин далилдеген фактылардын бирин да эске алып койгон жок. Атайын экс- пертизаларда жолдошума карата күч колдонулганы, жүрөгү кармаганда медициналык жардам көрсөтүүгө далалат жасашпагандыгы, алар барган мезгилден күйөөмдүн өлүмү билингенге чейинки мезгил аралыгында кыйкырык, ызы-чуу орун алгандыгын сот көз жаздымда калтырды. Анткени, Кыргызстанда сот адилеттиги жок. Судья Архарованы сатып алып коюшкан же абдан коркутушкан. “Адилеттикке жетпей, узак убакыт бою канчалаган жарандар соттордо жүрөт…”- деп, Сиз президент мырза өтө таасын айткансыз! Судья Кымбат Архарованын да жоопкерчилигин изилдеп чыгуу зарыл.

Урматтуу Сооронбай Шарипович,

Урматтуу биздин президентибиз,

биз ар бир баскан кадамыбыздан коркуп калдык. Жогоруда аты аталып кеткен АКСчилердин куугунтугуна, коркутуп-үркүтүүлөрүнө азырынча чыдап жатабыз. Чынында, бизди бул азаптан сиз гана куткарып кала аласыз! Мен сизден суранам, менин күйөөмдүн өлүмүнө себепкер болгон АКСтин кызматкерлерин жоопкерчиликке тартып бериңиз, ошол эле кезде алардын ар биринин ишмердүүлүгүн иликтеп чыгышса, кызыктуу жагдайлар көп эле чыгарына көзүбүз жетет. Бул багытта берген тапшырмаңыз ушул кызматкерлерге да, баш прокурордун орун басары Бөкөнбай Казаковго да тийешелүү болуусу тийиш!

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда биздин аппеляциялык арызыбыз карала баштайт. Ооба, Кыргызстандагы соттор акчанын же болбосо бийлиги бардын кулу болуп калгандыгы көп айтылып жатат, аны президентибиз да айтып өттү. Ошентсе да, шаардык сотто адилеттүүлүктү жогору койгон судьялар бар экендигине ишенип олтурабыз. Шаардык соттон адилет чечимди күтөбүз! Сиз да, биздин кайрылуубузду жерге таштабай, акыйкаттуулукту орнотуп берериңизге ишенебиз, урматтуу Сооронбай Шарипович!

Терең урматым менен, Абдыкерим Гапаровдун жубайы Асылкан ӨНӨРОВА

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: