Азыркыдай аскердик кафедра деген түшкө кирбеген СССРдин убагында биздин агаларыбыз аскердик милдетин алыскы өлкөлөрдө өтөшкөн. Аларды ата-бабасы көрбөгөн жайларга алып барып, тил үйрөтүп, чыныгы мырза кылып тарбиялашчу эмес беле?! Алардын айткандары бүгүнкү күндө аңгеме, аңыз катары кабыл алынат, уккан кишиге.
—Украинанын Остёр деген шаарындагы Весна деген айылында алты ай окуу-машыгуудан өткөм. Мен жаш бала элем, кайда алып кеткенин да билбей кетип калгам. Кызыгы баргандан кийин бир күн эс алдык, эртеси аскердик кызмат башталды. Кечке машыгабыз, чуркайбыз, аскер бир минут да турбаш керек. Бош болсок эле кампалардын арасын тазалатат, таза болсо деле тазалата беришчү. Үч күн ошентип кыйнаганда абдан жиним келди. Анткени Кыргызстандан кетип жатканда тааныш военкомдогу бир байке: «жакшы жерге кетип жатасың, элдин баары Украинага баргысы келет»-деп жөнөтүп жиберген. Ичимден кыжырым кайнап: «Шашпа сени эки жылдан кийин барайын көрсөтөм сага, алдаган кандай болоорун»- деп бир топ ызалангам. Кийин унутуп деле калыптырмын. Андан кийин Украинанын Конотоп деген шаарында аскердик бөлүктө 1982-1985-жылдары аскердик милдетимди өтөгөм.
Булак: Де-Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ