Menu

Премьер-министр Сапар Исаков Калыйнур Усенбеков атындагы Куралдуу күчтөрүнүн аскер институтун көрүп келди

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, кечээ 23-февралда, Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн аскер институтун көрүп келди.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Абаны коргоо Күчтөрүнүн аскер кызматкерлерин жана аскер институнун курсанттарын Мекен коргоочулардын күнү менен куттуктады
Премьер-министр Сапар Исаков өз сөзүндө мекенди коргоочулар Кыргызстандын бекем тиреги жана коргоочусу деп белгиледи.

«Сиздер республикабыздын чыныгы патриотторусуңар. Мен силердин кызматыңар жана эрдигиңер үчүн терең таазим этем. Сиздер өлкөнүн Куралдуу Күч катарларында туруп, оңой эмес жана жоопкерчиликтүү кызмат кылып жалпы коомчулуктун коопсуздугун сактап турасыңар. Ушул күнү мен үй бүлөңүздөргө жана жакындарыңыздарга бакубатчылык каалайм. Кыргызстаныбызда тынчтык жана ынтымак өкүм сүрсүн», – деди Сапар Исаков.

Мекенди коргоо күнүнүн урматына Абаны коргоо Күчтөрүнүн аскер кызматкерлери жана аскер институтунун курсанттары салтанаттуу марш менен өтүштү.
Премьер-министр Сапар Исаков ошондой эле окуу мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, заманбап мультимедия окуу каражаттары менен жабдылган окуу бөлмөлөрүн карап чыкты.

Өкмөт башчыга институттун ишмердүүлүгү, тарыхы жана өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча маалымат берилди.

Жыйынтыгында Премьер-министр Сапар Исаков аскер институтуна керектүү жабдууларды белек кылып, окуу шарттарын жакшыртууга колдоо көрсөтөөрүн маалымдады.
Маалымат иретинде: Советтер Союзунун Баатыры генерал-лейтенант Калыйнур Усенбеков атындагы Куралдуу күчтөрдүн аскер институту Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү жана башка аскердик түзүмдөрүнө офицерлерди мамлекеттик буюртманын негизинде даярдоо мамлекеттик билим берүү жогорку адистик мекемеси.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 65 = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: