Menu

Эгер Бекмамат Осмонов эрте кетпегенде…

Бөлүшүү:

Мен бул эссе-эскерүүнү кыргыздын кыраан эрлеринин бири Бекмамат Осмоновдун туулган күнүнө же жарыктыктан эрте кеткен жылына тушташ жазып жатканым жок. Жазганымдын себеби, жүйөөсү башка: терең ойлонуп, талдап көрсөм, эгемендүүлүккө, демократияга, нарк экономикасына бет алган 1990-жылдардагы тарыхыбыз ансыз түгөл көрүнбөйт экен.

Мен аны алгач студент кезимде, 1970- жылдардын башында өзүм туулуп-өскөн Чоң-Алайга жайкы эс алууга барганда көрдүм. Анда ал дагы жаш, 30га чыга элегинде “Чоң-Алай” совхозунун директору болчу. Бир күнү тууган болбосо да мени кенедейимде жетим балдар окуган Сопу- Коргондогу мектеп-интернатка жөнөтүп, дайыма колдоо көрсөтүп жүргөн Галов Алиша деген жакшы адам (ал совхоздун бөлүм башчысы – дагы бир атка минер эле) ага тааныштырып калды: “Бул баягы мен айтып жүргөн бала”,- деп. “Уазикте” олтурган Б.Осмонов зоңкойгон узун, сымбаттуу, сүрдүү, күркүрөгөн жоон үндүү экен, мага карап: “Аа ушу жигитпи? Азамат, жазгандарыңды окуп жүрөм”,- деди. Ошо бойдон кийин ал Алай райондук аткаруу комитетинин төрагасы болуп жүргөнүндө мен Москвадагы стажировка, аспирантурадан жайкы эс алууга келгенимде бир-эки курдай кабинетине кирип учурашкам.

Айрыкча эсте калганы – 1978-жылы ноябрда жаңы эле аспирантурага өтүп, окуу башталганча Чоң-Алайга туугандарыма жолукканы келгенде катуу жер титиреп (ошондо мен А.Галовдун үйүндө элем), чоң кыйроолор болгондо эртеси таң атпай райондун жетекчилери Ж.Аманбаев (райкомдун биринчи катчысы) менен Б.Осмоновдун 150 км. жерден – Гүлчөдөн чаап жетип келишкени. 1989-жылы күзүндө улуу акын Т.Сатылгановдун 125 жылдык мааркеси өз жеринде – Кетмен-Төбөдө өтө чоң деңгээлде, түркүн иш-чаралар менен өткөрүлдү: 125 боз үй тигилип, акындын айылында ажайып музей ачылып, Чычкандын чыга беришинде укмуш оюн-зооктор, ат чабыш, эр эңиш, балбан күрөш, тыйын эңмей, улак тартыш ж.б. уюштурулду. Ушулардын башында республикалык комиссиянын жетекчиси, Компратиянын идеология боюнча катчысы М.Шеримкулов турганы менен алардын баарын даярдап, башкарган Б.Осмонов болду. Ал анда райондун партиялык комитетинин биринчи катчысы эле. Менимче, Кыргызстандын ар кайсы бурчунан жана чет өлкөлөрдөн келген көп сандаган коноктордун катышуусунда өткөн бул ири иш-чара өлкөбүз өз алдынчалыкка умтула баштаган учурдагы (анын алдында мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган) улуттук маанайды көтөргөн окуялардын алгачкыларынан болду.

Мен муну илимдер Академиябыздын тил жана адабият институтунун директору катары ошол окуялардын баарына катышкан, күбө болгон киши катары айтып жатам. 1990-жылы Б.Осмонов иниси Абдылдабек экөө айтылуу Жогорку Кеңешке депутат болушту. Мен дагы депутаттыкка шайланган соң ошондон тарта бир тууган Осмоновдор менен жакын мамиледе жүрдүм. Экөө тең, айрыкча улуусу Б.Осмонов өз сөзүн тартынбай айткан активдүү депутаттардын катарына киришти. Октябрдагы сессияда, Конституцияга президенттик кызмат киргизилгенде Б.Осмонов ошол эң чоң кызматка атаандаштардын бири болду, бирок аз эле добуш алды. Ага карабастан ал андан кийин да өз ойлорун, сунуштарын, сын-пикирлерин мейли мыйзам долбоору болобу, мейли башка маселеби, тайсалдабай айтып турду, кээде өкмөттү, анын башчысы Т.Чыңгышевди, атүгүл президент А.Акаевди каарып коюп жатты. Б.Осмонов үчүн, менин жеке баамымда жана эл жакшы билгендей, өзү туулуп- өскөн Жалал-Абад областында 1991- 1992-жылдары жетекчи болуп, бир чети сыймыктуу, экинчи чети чырлуу болду. Буга негизинен үч себеп болду окшойт. Биринчиси – 1998-жылы февралда кайра түзүлгөн Жала-Абад областынын уюштуруу комитети ишин баштаганда бийлик үчүн тымызын күрөш жүрүп, апрелде областтык кеңештин төрагасын шайлоо учурунда президент А.Акаев көрсөткөн талапкер Р.Камчыбековго (ал областтын уюштуруу комитетинин төрагасы болчу) Б.Осмонов атаандаш катары чыгып, шайлоодо көпчүлүк добушка жетишкен. Бул, албетте, демократияга ылайык келгени менен түпкүлүгүндө саясий этикага сыйбаганына капа болгон жана Б.Осмоновдун үстүнөн мурдатан эле Токтогул районунан бир ууч адамдар тарабынан жазылып жүргөн жана жаңыдан түзүлгөн Жалал-Абад областынан түшкөн айрым маалыматтарды эске алган А.Акаев бир топко чейин Б.Осмоновду төрагалыкка бекитпей жүрдү. Ал арыздар кайра-кайра текшерилип, акыры далилденбегендиктен областтык кеңештин сессиясы Б.Осмоновду бекитүү өтүнүчү менен А.Акаевге кайрылгандан кийин гана тийешелүү жарлык чыгарган.

Ошол убакта республиканын вице-премьер министри катары мен дагы А.Акаевге Жалал-Абад областынын тынчтыгы үчүн Б.Осмоновду төрагалыкка бекитүү керектигин айтканымды айрым адамдар, алардын ичинде Б.Осмоновдун өзү жана иниси Абдылдабек жакшы билишчү. Экинчи себеп – Б.Осмоновдун жеке мүнөзү жана иш ыкмасы: ал жакшы билимге эгедер, иш билги жана түз сүйлөгөнү, иштерман, карапайым калкка жакын болгону, оригиналдуу идеяларды тапкычтыгы менен (мунун эң сонун – күбөсү 1991-жылы августта Курманжан Датка энебиздин Ошто, Алайда өткөрүлгөн 180 жылдык мааракесинде өзү баштап Манасты кырк чоросу менен эске салгандай атчан параддан өтүшү деп айтсак жарашат) кадыр-баркка жетпесе да, орун басарларын жанына тартып, ишеним көрсөтүп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууга анча көңүл бөлбөгөн көрүнөт (эки ирет башка жумуш сунуш кылбастан баарын бошотуп жиберген). Үчүнчүдөн, ал мурда дээрлик 20 жыл Алайда жана Ошто обкомдо иштеп жүрүп, Жалал-Абад жак үчүн өз болсо да, ушул жерде туулуп-өссө да оштук “чоочун” кадр катары көрүнүп, өгөйлөнгөн. Ушул жана башка жагдайлар , айрыкча анын борбордук бийлик (А.Акаев, Ф.Кулов , Т.Чыңгышев) менен кайым айтышканы, баары кошул- ташыл болуп акыры 1992-жылдын күзүндө, октябрь айында Жалал-Абадда чоң чатакка айланып, эки жикке бөлүнүүгө алып келген жана ал президент А.Акаевдин катышуусу, Б.Осмоновдун өз ыктыяры менен кызматтан кетүүсү аркылуу чечилген.

Менимче, бул Б.Осмоновдун акылмандыгы, көрөгөчтүгү болгон. Ошондо мен ден соолугумду текшертип, ооруканада элем. Мага президенттик аппараттын жетекчиси Э.Карабаев, кеңешчиси Л.Левитин келип, Жалал-Абад областына аким болуп барышымды сунуш кылышканын, мен макулдук бербей, ал жакка өздөрүнөн, жалалабаддыктардан аким коюуну, айталы, буга А.Тагаевди карап көрүүнү, себеби азыр (ушул кырдаалда) Жалал-Абад Оштон жаңы эле бөлүнүп, эки областтын ортосунда “кадрдык согуш” жүрүп жатканын айтканымды тарых үчүн биринчи ирет кыстара кетмекчимин. Буга күбө болгон адамдар азыр да бар. Ошол боюнча Б.Осмонов мамлекеттик кызматтан четтеп, бизнес чөйрөсүндө жүрүп калды. Мен 1993-жылы июлда Ош областынын акими болуп дайындалдым. Туура бир жылдан соң, июлда айыл чарба боюнча орун басарым А.Жунусов саламаттыгы начарлап, жумушка көп чыкпай калгандыктан анын ордуна Б.Осмоновду дайындап, айыл чарбасынын областта азгынчылыктуу тармак экенин эске алып жана агрардык-жер реформасын иштиктүү жүргүзүү зарылдыгына өзгөчө маани берип макамын биринчи орун басарлыкка көтөрдүм. Ошондо чоң ызы-чуу болгону, “Эркебаев Акаев, өкмөт менен сүйлөшпөй эле Б.Осмоновду дайындап салыптыр”,- деген аңыз кептер чыкканы элдин эсинде болсо керек. Мен эмне келесоо белем? Жыл бою А.Акаев менен Б.Осмонов жөнүндө эки-үч курдай сүйлөшкөм: “Бекмамат Осмонов көптөн бери ишсиз жүрөт.

Ал республикага таанылган адам, айрыкча түштүктө кадыр-баркы бар. Биз аны кызматка тартып, пайдаланышыбыз керек. Антпесек, ал оппозицияга кетет”,- деп. А.Акаев адатынча башын ийкеп, акыр жагында макул болду. Август айында экөөбүз тик учак менен Баткен жана Ноокат райондорун кыдырып келип, Оштон аэропорттон Бишкекке учарында чай ичип жатып жаңыдан дайындалган орун басарларым Б.Осмонов менен Л.Сагынбаевди (ал өнөр жайды тейлөөчү) мактап, өз батасын берген. Ал эми өкмөт башчы А.Жумагулов менен бул маселени макулдашпаганым ырас, анткени өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү акимчилик жөнүндөгү мыйзамга ылайык антүүнүн, атүгүл президент менен да акылдашуунун (саясий этиканы эске алганда) зарылдыгы жок болчу. Б.Осмонов мага ыраазы болуп, жакындарына: “Мен эле кыйынмын деп өзүмдү жолборс сезип жүрсөм Абдыганы да арстан турбайбы, коркпой мени кызматка койду”,- деп айтканын мага маалымдашкан. Ош областындагы жаңы кызматында Б.Осмонов күжүлдөп жакшы иштеди, эл аны билчү, сыйлачу. Экөөбүз ишке байланыштуу райондорду, чарбаларды кээде чогуу кыдырдык, мамилебиз түз, ынтымактуу болду. Биринчи жетекчи катары жумуш боюнча эки жолу (биринчиси пахтага байланыштуу Кара-Сууда, экинчиси тамекиден улам Кызыл-Кыяда) сын айтсам токтоо кабыл алды, каяша кылып тескери кеткен жок. Өлкөбүздө экөөбүз тең кызматыбызды мыйзамга ылайык убактынча токтотуп (мен президенттин сунушу боюнча ушинткен элем), Жогорку Кеңешке депутаттыкка ат салышуу үчүн шайлоого кеттик. “Чү” дегенде эле мыйзамды бузуп, бийлик экөөбүздү тең кызматтан бошотту.

Шайлоодо депутаттыкка өткөрбөс үчүн баарын жасашып, гезиттерге жамандатышты. Антсе да Кудай бар экен, эл бар экен, экөөбүз тең Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынына, Ош областтык кеңешине башкаларга окшоп өз туулган жерлерибиз эмес, көп улуттуу калк жашаган улуттардан (мен Лейлектен жана Кадамжайдан, Б.Осмонов Ош шаарынан жана Баткенден) атаандаштык негизде депутат болуп шайландык. Шайлоого убагында бийликтен ыдык көрүп, ызаланып калганбызбы, Ош облкеңешинин март айында өткөн уюштуруу сессиясында өкмөт башчы А.Жумагулов өзү келип катышып, борбордук бийликтин атынан төрагалыкка көрсөткөн кишисине каршы чыгып, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамына ылайык облкеңештин төрагасын депутаттар өз ичинен өздөрү көрсөтүп, өздөрү шайлай тургандыгына таянып, Б.Осмоновду төрагалыкка шайлаганбыз. Бийликтин жактырбаганынан жана кысымынан улам ал эки айдан кийин төрагалыктан өз ыктыяры менен кетти. Ушундан соң Эл өкүлдөр жыйынындагы депутаттык ишти (бул жыйындын Төрагасы, эки орун басары, 6 комитетинин жетекчилеринен башка сыйлык алышчу эмес, депутаттык стипендия менен чектелишчү) ийгиликтүү өтөп, 1995-жылдын аягындагы президенттик шайлоодо А.Масалиевди колдоду, өмүрүнүн акыркы жылдары президент, өкмөт, шайлоодо кызматтан мыйзамсыз бошотуп, каршы чыккан, бут тоскон. Ж.Рустенбеков менен тил табышып, ал жетектеген республикалык токой чарбасы боюнча дирекцияда орун басар – Түштүк боюнча директор болуп иштеди.

Өмүрү кыска экен, 51 жашында 1997-жылдын 28-октябрында Москвада жүрөгүнө жасалган операциядан кийин кайтыш болду. Өзү туулуп-өскөн Акман айылындагы мүрзөсүнө Кыргызстандын ар кайсы булуң- бурчунан барып, кайгырып топурак салган миңдеген адамдардын арасында мен дагы бар элем. Б.Осмоновдун өмүрү, баскан жолу, жасаган иштери, кыял-мүнөзү, мыкты жана кемчил жактары жөнүндө аны жакындан жакшы билген, бирге кызматташ болгон, жолдош-достук мамиледе жүргөн экономист жана жазуучу Жээнбек Каримовдун “Бекмамат Осмонов” аттуу даректүү көркөм жана эскерүү китебинде (Бишкек,1998-жыл) дурус баяндалган. Бул китепке автордун өзүнүн узун, атүгүл өтө эле майда-барат, ашыкча баян-аңгемесинен тышкары К.Ташбаев, К.Култегин, Ж.Алыбаев ж.б. белгилүү акындардын жоктоо, кошок ырлары, кезегинде республиканы көп жылдар бою башкарган Т.Усубалиев, А.Масалиевден тартып айрым таанымал депутаттардын, мамлекеттик кызматкерлердин жана окумуштуулардын эскерүүлөрү кирген. Булардан Б.Осмоновдун тышкы келбети жана ички дүйнөсү, кулк-мүнөзү, жашоо жана иштөө ыкмалары, өзгөчөлүктөрү, сапаттары тууралуу так маалыматтарды табууга болот. Мен аларды туура көрүп, кайталабастан башка бир жагдайга назар салгым келет. Ооба, Б.Осмонов тышкы көрүнүшү жана ички дүйнөсү, кулк-мүнөзү, жасаган иштери жана адамдар менен мамилеси боюнча Кыргызстанда сейрек кездешкен, адаттан тыш, кайталангыс инсан, сөзү менен иши дайыма эле кыл келише бербеген саясатчы жана мамлекеттик ишмер болчу (саясатчылардын көбү, атүгүл, залкарлары да ушундай эмеспи). Анын дарамети, күч-кубаты, билими, иш билгилиги, түздүгү, өктөмдүгү, керек учурда куулук кылып же ийкем болуп, ымалага келе билүү жөндөмдүүлүгү, дымагынын күчтүүлүгү, бирок кырдаал- шартты, учурду даана баалап, өзүн кармай алгандыгы, алдыдагы чоң максаттарга даярданганы кадимкидей байкалып турчу. Эң башкысы – эл арасында, айрыкча карапайым калк ичинде улутуна карабай кадыр- баркы жакшы эле.

Ал муну атайылап да жатык тилде сүйлөп, популисттик маанайдагы кадамдарды жасап күчөтчү (бул дагы саясатчылардын бир ыкмасы го). Менин баамымда, терең ишенимимде Б.Осмонов о дүйнө салбаганында сөзсүз 2000-жылкы президенттик шайлоого катышмак, ошол шайлоого байланыштуу ар кандай саясий эсеп-кысаптарды, чиймелерди, карталарды бузмак, А.Акаевди жеңмек, эгер жеңилсе А.Акаев менен кайра тил табышып, же оппозицияда калса К.Бакиевдин бийлик мунарасына жакындашына каршылык көрсөтмөк (убагында, Жалал-Абадда төраганын орун басарлыгынан бошотуп жибергендей), себеби, К.Бакиев Б.Осмоновго салыштырганда жеке дарамети, эл алдындагы кадыр-баркы төмөн болгону менен мамлекеттик кызматтарды ээлеп турушкан жалаң эркектерден турган чоң үй-бүлөсүнүн окшоштугу, каржы ресурстарынын арбындыгы аркылуу олуттуу атаандаштык түзөрүн эске алмак. Ушундан улам 2005- жана 2010- жылдардагы окуялар да болбой калмак, болсо да башкача нукта жүрмөк. Минтип айтканым, Б.Осмонов сыртынан канчалык Манастай алп, мүнөзү, сөзү баатыр, өткүр көрүнгөнү менен дилинде назик, жумшак, ишенчээк, көп окуган, тарыхты, адабиятты, музыканы сүйгөн, өзү да ыр жазган, ымалага шар адам болчу. Айла жок, ал эрте кетти, биз анын элесин, арбагын сыйлап, билген, көргөн, өз жолубуз менен келе жатабыз. Тарых ушундай катаал да, татаал да, ал каалооңо, тилегиңе карабайт, бет алган багытын, кыймылын үзбөй уланта берет.

Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер Академиясынын академиги 05.02.2018

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: