Menu

Бишкек ЖЭБи: “Шалаакылар” жазаланды, 386 млн долларды 480 млн кылып төлөйбүз

Бөлүшүү:

Кыштын кычыраган чилдесинде бүтүндөй шаардыктарды үшүтүп-шишиткен Бишкек ЖЭБиндеги авариянын себеби өлкөнүн эң жогорку бийлиги болуп саналган Парламентте талкууланып, бир күн кечке ары-тарт, бери-тарт болуп отурушуп, акыры депутаттык убактылуу комиссия түзүлгөн болчу. Алар бүгүнкү күнгө чейин үч ирет отурумга чогулушуп, биринчисинде кырсыктын себебин аныкташса, экинчи жана үчүнчү жыйындарда Жылуулук электр борборун модернизациялоого алынган 386 млн доллар кредиттин кандай максатта жумшалгандыгын талкуулашты.

Ал арада Өкмөт шашылыш түрдө биринчи вице-премьер-министр А. Шадиев башында турган ведомстволор аралык комиссия түзүп, сууну тартуучу насоско кир толуп калгандыктан, ал кургак эле иштей бергендигин аныкташты. Бул тууралуу премьер-министр Парламенттеги жыйында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып да айткан болчу. Бирок адистер суу насоско филтрден өтүп, тазалангандан кийин гана келе тургандыгын айтышууда. Демек, өкмөт башчынын өндүрүш, техникадан түшүнүгү жок болгондуктан, ал тийиштүү адистер берген маалыматты гана айтып кутулуу аракетин көргөн. Ошол күндөрү өзү ЖЭБге жетип барган менен авариянын себебин түшүнгөн эмес. Тилекке каршы алар деле туура эмес маалымат беришкен. Анын бул сөзү жакында Бишкек мэриясынын коллегиясында “Элдин жашоосу жакшырып аткандыктан борборго көчүп келишүүдө”, — ​дегендей эле же күлөрүңдү же күйөрүңдү билбеген теңирден тескери жооп сыяктуу болуп калууда.

Ошентип 19-февралда ЖЭБдеги аварияны иликтеген өкмөттүк комиссия өз корутундусун чыгарды. А. Шадиевдин айтуусунда, авария Жылуулук электр борборунун кышка даярдык көрбөгөнүнөн улам болгон. Ал тургай ЖЭБ имаратынын өзүнүн айнектери болгон эмес. Демек, сыртта кандай суук болсо, “модернизацияланган” имараттын ичинде деле ошондой суук аркырап, андагы мештер менен темир түтүктөргө муз тоңуп калгандыгын баарыбыз эле теледен көрбөдүкпү. Эгер Өкмөт башчы баш болгон энергетика тармагындагы чиновниктер армиясынын жок дегенде бирөөсүнүн жер үйдүн деле батарейкаларына суу жөнөткөн меш турган откана өзү жылууланыш керектиги тууралуу жөнөкөй түшүнүгү болгондо, ушундай абал жаралмак эмес. Бул жагдайды А. Шадиев да моюнга алып, “Эгер ЖЭБдин айнектери салынган болсо, мындай болмок эмес. Экинчиден, ЖЭБдин кызматкерлери бирдиктүү иш алып барган эмес. Ар ким өз билгенин кыла берген”, — ​деп түштөн кийин күнөөнү моюнга алып отурат. Бирок маселе айланып келип эле “койчу көп болсо, кой арам өлөт”, — ​деген кыргыздын накыл кебине такалууда. Себеби бир ЖЭБдин өзүнүн бир нече жетекчилеринен тышкары “Электр станциялар”, Улуттук энергохолдинг, Экологиялык жана техникалык инспекция сыяктуу беш-алты ведомстводон турган башкаруучулары бар.

Баарынан кызыгы, алардын бири да жоопкерчиликти моюнга алышпайт. Кыскасы, “Баардыгы жооп берген жерде эч ким жооп бербейт”, — ​деген принцип менен иш жүргүзүшөт. Булар буга чейин ушундай схема менен колу менен чөнтөгүн “жылытып” келишкен жана мындан ары да ушундай болот деп ойлошкон. Ал эми кызыкчылык башкада. Эмнеде экендигин сыягы, “жалкоолор менен келесоолор эле” билбесе керек. Себеби жыл сайын 5 млрд сом акча коротулуп, бирок өзүн актабаган Бишкек ЖЭБинде Казакстандан ташылган көмүрдөн тартып, жарандар, мекемелер жылуулук акысы үчүн төлөгөн акчага чейин коррупциялык схема түзүлүп калган. Кезегинде экс-президент А. Акаевдин баласы Айдар ал коррупциянын башында туруп, кийин “Ширшовдун схемасы” түзүлүп, ошол “эстафета” азыркыларга өткөн жок деп айтууга болбостур. Бул сөзүбүзгө далил үчүн бир гана депутат Т. Шайназаровдун аргументин келтирели. Көрсө, ЖЭБдин башкы инженери М. Кургановдун 50 батири бар экен. Депутат бул үйлөрдү ал жаңы курулган турак жайларды жылуулукка кошуп бергени үчүн алганы тууралуу маалымат бар экендигин айтты. Жылуулукка туташуудагы коррупция маселеси буга чейин да депутат М. Бакиров тарабынан көтөрүлгөн болчу. Бирок ЖЭБ жетекчилиги бул айтылгандарды Башкы прокуратура иликтеп, маалымат такталбаганын айтып кутулуп кеткен.

Ошентип, өкмөттүк ведомстволор аралык комиссия “өз ишин так аткарган эмес” деген жүйөө менен ЖЭБдин 20дан ашык кызматкерине сөгүш берүү, айрымдарын иштен алуу жөнүндө чечим кабыл алды. Ал эми Улуттук энергохолдингдин башчысы А. Калиевге каттуу сөгүш берилип, “Электр станциялары” ишканасынын башкы директорунун орун басары Б. Боркоев “Шалаакылык” беренеси менен кызматтан алынды. Мурда Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Өмүркул уулу Нурлан ээлеген ордунан бошотулган болчу. Бирок эмнегедир экс-президенттин сүймөнчүгү болуп, ошол “модернизация” деген балээнин башында турган, баштаган жана 386 млн  АКШ долларынын кайда жумшалгандыгын жакшы билген “эрке бала” А. Калиев ордунда калгандыгы табышмак. Алгач Өкмөт башчы С. Исаков Парламентте анын кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын, бирок кабыл албай койгондугун айткан болчу. Көрсө, депутаттар менен коомчулуктун нааразычылыгын басаңдатуу үчүн эле ушундай алагды кылуучу жоопту ойлоп табышкан окшойт.

Сыягы, өкмөттүк ведомстволор аралык комиссия күнөөлүүлөрдү жазалап, майда чабактарга сөгүш берип, кызматтан алып, эл менен депутаттардын оозун жаап коёбуз деп ойлошсо керек. Бирок Кытайдан алынган 386 млн доллардын чоо-жайын чукулаган сайын төбө чачты тик тургузган жагдайлар ачыкка чыгууда.

Баарынан кызыгы, депутаттык убактылуу комиссия адатынча эле кыйкырып кала берчүдөй. Анткени кытайлык ТВЭА компаниясы менен түзүлгөн келишимге ылайык, Кыргызстан модернизация боюнча көзөмөл жүргүзө албайт экен. Ал тургай акчаны өз банкында кармоого да укугу жок болуп, жада калса эл аралык аудит өткөрүүгө да укугу жок болуп чыкты. Ошондуктан депутаттардын суроолоруна кыргыз чиновниктери “келишим боюнча анте албайбыз, минте албайбыз”,  ​деп эле оозун куу чөп менен аарчып отурушту.

Эң өкүнүчтүүсү, Кытайдын Эксимбанкынан алган кредит 386 млн долларга пайызы менен 94 млн доллар кошулуп, 20 жылдын ичинде 480 млн доллар кылып төлөп берет экенбиз. Мурда биздин бийлик Бишкек ТЭЦин модернизациялоо боюнча Кытай өкмөтү төмөн пайыз менен 386 млн доллар бергенин, анын 20 млн доллары грант экенин айтып оозун көптүрүшкөн эле. Көрсө, бул грант деген 20 млн долларды да мүлк, техника, тетик түрүндө эле беришиптир. Ошол каражаттын эсебинен Бишкекте эки кытай мектеби курулат деген сөз болуп, кийин бирөө эле курулуп калды.

Кыскасы, бул насыяны 2033-жылга чейин Кытайга үстөгүн кошуп, 480 млн доллар кылып төлөп берет экенбиз.

Мурда депутат И. Масалиев ТВЕА компаниясынын эсебинен ТЭЦтин модернизациясы боюнча келишим түзүлө электе эле депутаттардын жоон тобу Кытайга иш сапарга барып келишкендигин айткан болчу. Депутаттык комиссиянын жыйынында бул суроо кайра кайталанып, ошол депутаттардын ким экендигин, кайда барып, эмне кылгандыгын да ачыкка чыгаруу сунушу айтылды эле, тилекке каршы жоюлуп кеткен энергетика министрлиги менен кошо ал документтер да жоголгондугу белгилүү болду. Демек, анда бир эле саякатчы депутаттардын тизмеси эмес, көп башка документтер да “жоголгон” окшойт. Кудум эле жоголгон Конституциядай. Айтор, жаңы бийлик коррупцияга каршы чындап күрөшө турган болсо, 386 млн доллар кытай инвестициясынын айланасындагы “кылым аферасы” ачыкка чыкчудай…

Эмилбек Момунов

Булак: Жаңы Ордо 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: