Menu

Бишкек ЖКККБ (МАИ) кантип ысык-көл областынын губернаторун жазага тартты? же мурдагы “Шок-факт” азыркы “NewTV патруль” телекөрсөтүүсүнүн алып баруучусу Илязбек Балташев менен маек

Бөлүшүү:

18-февраль күнү NewTV телеканалынын “NewTV патруль” программасынын алып баруучусу Илязбек Балташев таң калаарлык телебаян көрсөттү. Бизге жеткен маалыматтарга караганда 17-февраль күнү Ысык-Көл областынын мамлекеттик администрациясынын башчысы Узарбек Жылкыбаев өзүнүн татынакай Тойота Ленд Круизер жол тандабас унаасы менен түндө келе жатып, Бишкек ЖКККБнын (мурдакы МАИ) инспекторлору жана “NewTV патруль” көрсөтүүсүнүн автору Илязбек Балташев менен беттешкен. Текшерүүдө Узарбек Жылкыбаевдин жанында айдоочулук күбөлүгү жок болгон. Мындай тартип бузуучулуктун таасиринде Ысык-Көл облусунун жетекчиси жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып төлөп, анын жол тандабасы айып төлөөчү жайга киргизилген. Бул эмне? Кыргызстанда мыйзам көзөмөлү заматта так жана катуу талапта иштей баштадыбы же жол коопсуздук кыймылынын инспекторлору “тааныбасты сыйлабас” кылыштыбы? Мындай суроолордун чоо-жайын билүү үчүн NewTV телеканалынын “NewTV патруль” көрсөтүүсүнүн автору, журналист Илязбек Балташевти атайын сөзгө тарттык.

— Илязбек мырза, акыркы убакта сиз даярдаган “NewTV патруль” көрсөтүүсү катуу чыгып жатат. Эмне эч нерседен коркпойсуңарбы? А балким, ишенген кожоңор жетинчи кабатта отурат го сыягы?

— Туура баамдадың кесиптеш. Биз ишенген күч Ак үйдүн жетинчи кабатында эмес, а балким асмандын, планетанын жетинчи кабатында деп ойлойм. Бул деген биз Аллага таянып, нукура ачуу чындык менен гана иштеп жатканыбызда. Дагы тактап айтсак, адилеттүүлүк менен адилетсиздиктин ортосундагы АЙКЫНДЫКТЫН күрөшү деп айтсак так болот.

— Анда силер Ысык-Көл облусунун губернаторун кантип жолуктуруп калдыңар?

— Кыргызстандын борбору Бишкектеги жашоо ыргагын күндүзү жана түндөсү болуп эки нукта байкоого болот. Күндүзү адамдар бири-бири менен баш ийкеше саламдашып, ар кандай иштер менен убара болушса, түнкүсүн коомдук тартипке шек келтиргендер көбөйөт. Андыктан Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри жана NewTV телеканалынын ортосундагы макулдашуу менен өзгөчө Бишкек шаарындагы коомдук абалдын коопсуздугун көздөө максатында атайын “NewTV патруль” программасы уюштурулган. Бишкек ЖКККБнын инспекторлору менен бирдикте күнү-түнү шаардын тартибин бузгандар менен туруктуу иш алып баруудабыз. Аз эле мезгилдин ичинде биздин программаны миллиондогон Кыргызстандыктар көрө баштады. Көрүүчүлөрдүн көңүлү ак менен каранын ортосундагы чындыктын маалыматына өзгөчө бурулуп жатат.

17-февраль күнү түнкү саат 11ден өтүп калганда Тойота Ленд Круизер 200 үлгүсүндөгү S 0005 L номурундагы ак жол тандабасты токтоткондо, анын айдоочусу Ысык-Көл облусунун губернатору Узарбек Жылкыбаев экен. Алгач, биз ага “сиз Узарбек Жылкыбаевсизби? Ысык-Көлдөгү өкмөттүн өкүлү?” деп сураганыбызда, ал “мен ал эмесмин” деди. Качан гана инспекторлор күбөлүк менен жол коопсуздугун бузганы боюнча токтомду толтура баштаганда, ал жылмая “Мен Узарбек Жылкыбаевмин. Иштеген жерим Ысык-Көл облусунун администрация башчысы” деп айтты. Бишкек ЖКККБнын инспектору Чыңгыз Нааматкулов өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү — ​губернатор — ​Узарбек Жылкыбаевге административдик жазалар кодексинин 244-беренесин бузгандыгы үчүн 500 сом өлчөмүндөгү айып салып, жол тандабасты айыпкерлер токтоочу жайга жеткирүүнү чечти. Албетте, облусттун жетекчиси өзүнүн чоң чиновник экенин айтып, эч кимди коркутуп, үркүткөн жок. Бишкек ЖКККБнын инспектору Чыңгыз Нааматкулов менен сылык-сыпаа сүйлөшүп, анын талабына макул болду. Натыйжада, автоунаа айыпкерлер жайына токтотулду.

— Узарбек Жылкыбаев силерге эч кандай басым жасабадыбы?

— Жок. Ал өтө маданияттуу адам экен. Документинен улам билдик, ал күнү анын туулган күн майрамы болуптур. Тилекке каршы туулган күндө жол эрежесин же мыйзамды бузса болот деген берене жок. Текшерүү учурунда анын жанында айдоочулук күбөлүгү болбогондугу үчүн ал ушундай жазага кириптер болду.

— Демек, Узарбек Жылкыбаев силерди жана мыйзамды сыйлайм деп жазага туш болуптур да?

— Так ошондой. Ал облусттун жетекчисимин деп төш какпай, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып төлөөгө мажбур болду. Милициянын прапорщиги ЖКККБнын инспектору менен сылык-сыпаа сүйлөшүп, албетте ал жерде NewTVнын видеокамерасы иштеп турду да, мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз деген маданияттуулукту сактады. Прапорщик Ч. Нааматкулов кошоматтанып же коркуп губернаторду “бара бериңиз” десе болот беле? Болмок. Бирок ал анткен жок. Чынын айтайын, Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын башчысы Сталбек Рахманов жана шаардык ЖКККБнын башчысы Шайырбек Бопонов түнкү нөөмөттөрдө иштеген инспекторлордон маданияттуу жана так иштөөнү дайыма талап кылганын байкайм. Ал эми, биздин программа Бишкек милициясынын мобилдик батальонунун жана ЖКККБнын ишине дайыма маалыматтык колдоо көрсөтүп, тартип бузуучулар менен келишпес иш алып барууда NewTV нын башкы директору белгилүү коомдук ишмер Нурлан Шакиевдин кесипкөйлүгү да айкындуулук айдыңынын талаптары менен дайыма шайкешет.

— Илязбек мырза, мен ошол күнкү программаңарды толук көрдүм. Чынында ар бир көрсөтүүңүз элге кызыктуу окуяларды көрсөтүүдө. Силердин көрсөтүүңөр аркылуу жапайы жаныбарлар менен Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак-жайдын экинчи кабатында жашап, үй бөлмөсүн зоопаркка айландырган кишини көрсөттүңөр. Бул кандайча табылды?

— Милициядагы 02нин чакырыгы менен баратканбыз. Көп кабаттуу үйдүн алдында бир адам ителги кушун кармап турган экен. Мен көрүп токтоп калдым. Сураштырсак, Сергей Орлов деген орус улутундагы адам экен. Ал үйүндө да жаныбарлар бар экенин айтты. Кирип көрсөк, жыландар, кирпи, куштар жана башка жаныбарлар бар экен. ЭКОТЕХ инспекциясынын адамдары келип, ал айбанаттарды тийиштүү жерлерге алып кетишти. Демек, биз Бишкек шаарынын элинин гана коомдук тартибин эмес бардык жан-жаныбарлардын, анын ичинде элдин коомдук тартибинин сакталышы үчүн күрөшүп жатабыз.

— NewTV программасы бир жумада 25 мүнөттөн эки жолу чыгат экен. Ошого жаңы материалдарды тартууга үлгүрөсүңөрбү?

— Албетте үлгүрөбүз. Көрсөтүүбүз шаршемби жана жекшемби күндөрү саат 21:00дө эфирге чыгат.

— Сиз буга чейин кайсы телеканалдарда иштедиңиз?

— Мен мындан 10 жыл мурда КТРКдагы “Шок-факт” программасында иштеген мезгилимди сыймык менен айтам. Биз ошондо “Адилет” укук каналында иштегенбиз. “Адилет” программасын белгилүү укукчу журналист Нышанбек Кочкоров жетектейт эле. Мыйзамдын чегинде укук бузуулар менен күрөшүү дегенди ошондо үйрөнгөм. Бүгүнкү “NewTV патруль” толугу менен “Шок-факт” программасынын форматындагы иш-аракет экенин жашыра албайм. Айрым эски МАИ кызматкерлери мени көргөндө “Оо, Шок-факт келип калган турбайбы” деп айтып калышат. Андан кийин ЭлТРде да иштедим. Бүгүн эми “NewTV патруль” программасын жетектеп жатам.

— Чындык менен иштейм деп жүрүп бир күнү тумшукка жебесеңер болду. Ушуну ойлоносузбу?

— Аны бир Кудай билет. Бирок, видеокамера көргөн чындык менен иштесең эч ким, эч качан, эч нерсе дей албайт. Анткени, видеокамера сүрөтчүнүн кистасы эмес, ал окуяны күзгү сымал чагылдырат. Ал кашкайган чындык. А чындыкты эч ким бурмалай албайт. Адамдар бир Алланы жана бир чындыкты сүйүүгө жана сыйлоого милдеттүү. Нышанбек Кочкоров “Адилет” укук программасында 15 жыл бей-бечара, карапайым элдин укугун коргоп, канчалаган чиновниктер менен күрөшкөн. Алардын бирөө да ага тийише алган эмес. Анткени, Нышанбек Кочкоровдун видеокамерасында нукура чындыктын окуялары тартылчу. Эгерде саясатчылардай көбүртүп-жабыртып, бирди эки деп, экини беш деп айтса, анда ал 15 жылда 20 жолу соттолуп кетмек. Мен ошол “Адилет”, “Шок-факт” программаларында иштеген мезгилимде үйрөнгөн тажрыйбам бүгүн “NewTV патрулда да” укуктук журналистиканын натыйжаларын берип жатат деп ойлойм. Менин көрсөтүүм жарым жылда 47 ирет эфирге чыкты. Бул учурда ондогон эмес жүздөгөн коомдук тартипти бузган ызы-чууларды, байлыгы менен бийлигине көпкөн тартип бузуучуларды эфирге алып чыктык. Аларга жалаа жапкан жокпуз. Нукура чындык жана айкындуулук талаптын аракетинде иш жүргүздүк. Адамдар дайыма чындык менен айкындуулукту Кудай сыяктуу сыйлаарын билдим жана байкадым.

— Азыр президентибиз Сооронбай Жээнбековдун коррупция менен күрөшүү багытында да иш пландарыңар барбы?

— Биздин ар бир көрсөтүүбүз ошол максатты көздөйт.

Маектешкен Сүйүмкан Касымбекова

Булак: Жаңы Ордо 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 50 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: