Президенттик шайлоодон кийин зерикккен Токтайым Үмөталиева бир күнү күтүүсүздөн саясий серепчи Бакыт Бакетаевге жолугуп, экөө өлкөдөгү саясий кырдаал тууралуу сүйлөшкөн соң Токтайым апчебиз толкунданып:
– Мени өкмөткө караштуу гезиттердин бирин жетектегенге жогору жактан сунуш түшүп жатат. Сиздин буга көз карашыңыз кандай?-дептир ачыгын айтып, серепчинин оюн билгиси келип.
– Сиз башкы редактор болгонго жарабайсыз го,- деп серепчи аны жактырбаптыр.
– Эмнеге жарабайм… Мен буга чейин “Айданек”
деген гезитти чыгарып жүргөм. Башкы редактор болбосом дагы жок дегенде жооптуу редактор катары иштейм да, —деп тиги укук коргоочу өзүнүн курсун көтөрүптүр.
– Сиз жооптуу редактор болбой эле, гезиттеги материалдардын “кашасын” чыгарган “кооптуу” редактор болгонго араң жарайт болушуңуз керек. Убара болбой эле коюңузчу,-деп коёт имиш серепчи тигинин кыжырына тийип.
Булак: Жаңы Ордо
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ