Menu

Түркмөнстанда кызматкерлерди велосипед сатып алууга мажбурлашууда

Бөлүшүү:

Быйыл Түркмөнстандын ар бир мекеме-ишканасы массалык веложүрүшкө катышуу үчүн 3-6 киши жөнөтөт. Алар “шайтан арабаны” өз акчаларына сатып алышы керек. Айрым мекемелер ортого ачка чыгарып, велосипед алууну чечишти.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы билдиргендей, Түркмөнстанда велосипед чыгарган завод жок. Анын баасы орто эсеп менен 3000-4000 манат (850 доллар) турат. Учурда мекеме-ишканалардын жумушчулары веложүрүшкө катыша турган кесиптештери үчүн акча чогултушууда.

Өз булактар маалымдагандай, мамлекеттик кызматкерлер жумуштан айрылып калуудан коркуп, велосипед сатып алуу үчүн аргасыздан акча беришүүдө.

“Кызматкерлерге бул эл аралык иш-чара болгондуктан, ага катышып жатканына эле кубанышы керектигин айтышты”, – деди ал. Жетекчиликтин көрсөтмөсү менен велосипеддер сөзсүз ак түстө болушу зарыл.

Апрель айына белгиленген веложүрүштү мамлекет уюштурууда. Ага президент, өкмөт менен парламент мүчөлөрү, мамлекеттик кызматкерлер жана студенттер катышат. Бул иш-чара менен “Ден соолук жана бакубат жашоо” деп аталган бир айлык өнөктүк башталат.

Калк арасында дене тарбия-спорт жана маданий-агартуучу иш чараларды жайылтуу өнөктүгү 2015-жылы башталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: