Menu

Ферганада тажик-өзбек чек арасы боюнча кезектеги жыйын өттү

Бөлүшүү:

24-февралда Ферганада мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча тажик-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү.

Өзбекстан ТИМинен билдиргендей, иш-чарага эки өлкө премьер-министрлери Абдулла Арипов жана Кохир Расулзода төрагалык кылышты.

Жыйын алкагында өзбек-тажик мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелерин тактоо маселелери каралды. Расмий билдирүүдө тараптар кыска убакытта чек араны делимитациялоо жараянында ийгиликке жетишти деп айтылат.

Мындан тышкары өкмөт аралык комиссия Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин март айына белгиленген мамлекеттик сапарын утурлай, кол коюла турган эки тараптуу келишимдердин даярдыгына көңүл бөлдү.

Эки өлкө чек арасындагы эң талаштуу тилкелердин бири — өткөн кылымдын 40-жылдарында курулган жана Тажикстандын аймагында жайгашкан Фархад плотинасы эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 31 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: