Menu

Орусияда жүк ташуучу унаадан үч казак жаранынын сөөгү табылды

Бөлүшүү:

РБК медиакомпаниясы Москва алдындагы Чехов районунда жук ташуучу унаадан үч кишинин сөөгү табылганын кабарлады. Компания Орусия ИИМинин Москва облустук башкармалыгына шилтеме жасоо менен өлгөн кишилер Казакстан жарандары экенин билдирди.

Текшерүү жүрүүдө. Баштапкы маалыматтар боюнча алар иске ууланган болушу ыктымал.

“Интерфакс” агенттиги өз булактарына таянуу менен 35-40 жаштагы кишилер каза тапканын, алардын биринин аты-жөнү такталганын кабарлады. Агенттиктин маектешинин билдиришинче, жүк ташуучу унаанын салонунан газ жандыргыч жана спирт ичимдиктери табылган.

Казакстандын тышкы иштер министрлиги өлгөн жарандар тууралуу маалыматтарды тактоодо.

“Биз бул окуя тууралуу билебиз. Москвадагы казак дипломаттары жергиликтүү тергөө органдары менен байланышта. Тергөө жүрүүдө. Өлгөндөрдүн казак жарандары экенин тастыктаган маалыматтар али жок”, – дейт Казакстан ТИМинин басма сөз кызматы.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 94 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: