Menu

Коррупционер, сот, прокурорлорго чара көрчү орган барбы бизде?

Бөлүшүү:

Айласыз алгы сөз

Төмөндө гезит бетине жарыяланып жаткан материал 2017-жылдын декабрь айынын аягында КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Д.А.Жумабековдун кароосуна берилген. Башкы прокуратурага бербей туруп, депутаттык комиссия түзүп, мен көрсөткөн фактыларды менин катышуумда изилдеп чыгуу жөнүндөгү өтүнүчүмө карабастан, Жогорку Кеңеш менин арызымды башкы прокуратурага жөнөтүп ийгендиги мага январь айында белгилүү болду.

Февралдын башында менин арызымдагы негизги “фигуранттардын” бири Ысык-Көл облусунун прокурору Майрамбек Таалайбековдун ээлеген кызматынан “өз арызы менен” бошоп кеткендиги маалым болуп отурат. Бирок, мен мындай “өз арызы менен бошоп кеттүүлөрдү” адилеттик, калыстык деп эсептебейм. М.Таалайбеков Ысык-Көл районуна караштуу Бостери айыл аймагында өзүнө жакын адамдардан кылмыштуу топ түзгөндүгү, “Асыл-Таш” пансионатынын бир коттеджин өрттөөнү, мамлекеттик менчикти басып алууну уюштургандыгы, тергөө органдарынын ишине бут тосуп, кылмыштын бетин ачууга тоскоол болуп келгендиги, ж.б. бир топ кылмыш иштери үчүн толук өлчөмдө жооп берүүгө тийиш.

Мен, “Асыл-Таш” пансионатынын, тактап айтканда, анын ээси болгон “Мун Вэй Трэвел” ЖЧКсынын чарбалык иш-аракеттерине чарбалык көз караштан укуктук баа берүү мезгили келип жетти деп эсептейм. 2007-жылдан бери башпрокуратура, УКМК, финполиция баш болгон көзөмөл жана укук коргоо органдары жалаң гана саясый заказ аткарып келгендерин, бирок тилекке каршы, колдорунан эч нерсе келбей калгандарын моюнга алуу аларга абийир гана алып келмек деп ойлойм.

Бул иш Ысык-Көл облусунун прокурору М.Таалайбековдун ээлеген кызматынан жылуу-жумшак гана кетип калышы менен эле бүтө калбайт. Алдыда Ысык-Көл облсотунун төрагасы А.К.Молдакунов, анын орун басары А.А.Досмамбетов, судьясы А.Шерипов, КР Жогорку сотунун төрайым орун басары А.М.Базаралиева, судьялары Б.К.Аманалиева, Б.Ж.Акматов, Ысык-Көл облусунун мурдагы прокурору М.А.Айдарбеков менен Т.Таалайбеков сыяктуу коррупционерлердин көптөгөн карапайым адамдарды сыздаткан мыйзамсыз иш-аракеттерине укуктук баа берүү маселеси турат.

Мен булардын “ар бири коррупционер” деп коркпой-үркпөй туруп айта алам. Калп болсо мага карата кылмыш ишин козготушсун. Козгото алышпайт. Себеби, алардын ар биринин арты таза эместигин далилдеген документтер менин колумда турат. Аларды булар өздөрү даярдашкан.

Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш.Жээнбековдун 2018-жылдын 8-февралындагы коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөгөн сөзү мага окшоп акыйкаттыктан үмүт үзгөн миңдеген адамдардын үмүтүнө үмүт кошуп отурат.

Азыр мен жогорудагы жана башка укуктук маселелер боюнча жакын арада президентке кайрылуу маселесинин үстүндө иштеп жатам. Азырынча мындан эки ай мурда КР Жогорку Кеңешинин төрагасынын наамына жазылган арыз менен тааныша тургула. Учуру келгенде бул материалдар эл өкүлдөрү элдин кайрылуулары менен кандай иштей тургандыгынын далили болуп калышы мүмкүн.

Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ

20.02.2018-жыл

Булак: Азия Ньюс 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: