Menu

Замир каары Ракиев, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийинин орун басары: “Максат ажы менен Абдышүкүр, Чубак аалымдардын элибиздин өсүп-өнүшүнө чоң эмгектери бар”

Бөлүшүү:

Айтылуу Кара-Кочкор өрөөнүнөн чыккан бул инсан өз кезегинде мусулманчылыктагы ыйык парз болгон ажылык сапар боюнча беш ирет республикалык штабды башкарып, бир канча ирет Меккеге карай жол баштаганы менен белгилүү. Биздин маек диний саптан башталды.

— Замир каары, эл көзүндөгү белгилүү дин аалымы катары сизге белгилүү саясатчылар, атактуу инсандар баш болуп дем салдырышып, батаңызды алып кетишет деген кептерди угуп калабыз. Эгер сыр болбосо, сизге кандай учурда, кимдер кайрылып дем салдырып турушат?  

— Ассаламу алейкум ва рахматуллохи ва баракатуху. Баардык мактоолор бүткүл ааламдын жаратуучусу Алла Таалага болсун. Эми биз дин кызматкери болгондон кийин карапайым адамдар, сиз атагандай эл көзүндөгү инсандар баш болуп кимиси кандай шартта болбосун касиеттүү Куран менен дуба кылышып, Кудайга жакындагысы келишет. Өзгөчө кыргыз элинде дуба кылдырып, бирөөлөрдөн бата алуу деген өзүбүздүн жакшы салтыбыз бар. Ошондон уламбы, момун мусулман бир туугандарыбыз кайрылып турушат. Ушундай жакшы жөрөлгөдөн да айрымдар саясат жасашып, кээ бир маселелерди жазып ийип жатышат. Бир суранычым, башка нерсеге асылышып, жазышса дагы Куранга жана башка ыйык нерселерибизге байланыштуу ушундай иштерди жазбай эле коюшса дурус болор эле. Эми бул маселеден башка деле толгон-токой көйгөйлөрдү четинен тизмектеп жаза берсе болот да. Саясатчыбы же карапайым адам болобу, кимиси болбосун дем салып берүүнү өтүнсө, ага илимибиздин жетишинче, колубуздан келишинче дем салып, момун пенделерге Курани-Каримди үйрөтүп, арам менен адалды айтып коюу биздин милдетибиз. Дагы айтам, мындай жакшы кадамдарыбызды саясатташтыруунун эч кажети жок деп ойлойм.

— Өлкөбүздөгү ыйык мечиттерде имамдарды дайындоо кандай негизде жүргүзүлөт? Өң-тааныштык же жердешчилик өкүм сүрбөйбү?

— Имамдар биздин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын уставына ылайык дайындалат. Бул жерде эч ким «кол ийрисине тартпайт». Ошол уставдын негизинде шаардык, облустук казыларды жергиликтүү бийлик менен макулдашып, азирети муфтийибиздин буйругу менен дайындалат. Райондук жана андан ылдыйкы айылдык имамдарды райондук имам хатиб азирети муфтийдин макулдугу менен буйрук чыгарып дайындайт. Биздин негизги жобобуз ушундай. 2014-жылы коргоо кеңешинде дин жаатындагы маселелер каралып, биздин муфтиятка көптөгөн милдеттер жүктөлгөн. Азыр ошол милдеттердин алкагында иштеп келе жатабыз. Анткени, ошол милдеттерде имамдарыбыздын билим деңгээлдерин көтөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилген. Соңку үч жылдын ичинде биздин имамдарыбыз үчүнчү айлампага кирип, 12 жумалык окутуу курстарынан өтүп, өздөрүнүн билим деңгээлдерин көтөрүп кетип жатышат.

— Мындай көңүл сүйүнтчү иштердин баардыгын Нуржигит Кадырбеков баштаган «Ыйман» фонду каржылап, ишти өз колдоруна алышты да, туурабы?

— Албетте, окутуунун жүрүшүн «Ыйман» фонду каржылайт. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы менен өлкөбүздүн дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы биригип, имамдарыбыздын билим деңгээлдерин көтөрүү боюнча окутууну биз өткөрүп келебиз. Имамдарыбызга «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү боюнча фонддон стипендия алыш үчүн атайын аттестациядан өтүү боюнча шарт коюлган. Соңку бир жылдан ашык убакыттан бери өлкө аймагындагы эки жарым миңдей имамыбыз аттестациядан өткөрүлдү. Ошол аттестациялык комиссиянын курамынан «имамдыкка жарактуу» деп өткөн гана дин кызматкерлери имамдыкка дайындалып келишүүдө. Баса белгилөөчү жагдай, «Ыйман» фонду биздин дин кызматкерлерине стипендия бергенден баштап имамдарыбыздын билим деңгээлдери да буюрса көтөрүлүп, бул жагынан жакшы жылыштар байкалууда. Алган стипендия аркылуу өздөрүнүн иштерине да стимул жаралып, үйлөрүнө керектүү муктаждыктарын алган даражага жеткенден кийин бул жагынан да жакшы жагдайлар орун алууда.

— Башта ызы-чуулуу жүрүш менен коштолуп келген ажылыкты уюштуруу маселеси да акыркы жылдары Кудай буюрса оң жагына ооп, жакшы нукка түшүп калды окшойт…

— Мен бир канча жылдан бери ажылык сапарды уюштуруу боюнча штабды башкарып келем. Өзүңүз туура баамдагандай, бизде мурда ажылык сапарды уюштуруу боюнча көйгөйлөр көп болчу. 2014-жылдан бери бул жаатта атайын азирети муфтийдин буйругу менен «чүчү кулак» программасын киргизип, ушул иштин арты менен ажылык сапардын күнгөй-тескейин иреттедик. 2016-2017-жылдан баштап эки жыл онлайн системасына өтүп, ажыга барчу ар бир момун мусулман банкка барып акчасын төлөп, өзүбүздүн өлкө аймагы боюнча 30дан ашуун атайын түйүндөрүбүздөн катталышып, канчанчы кезекте турганын онлайн аркылуу көрүп турганга жетишишти. Муфтияттын ушундай кадамдарыбыздын негизинде ажылыкты уюштуруу толук оң жолго түштү. Буга чейин дал ушундай маселелердин тегерегинде айтылып келген ар түрдүү ушак-айыңдар ыраттуу иш алып барганыбыздын натыйжасы менен токтоду десек болот.

— Биздин Кудай сүйгөн Максат ажы, Чубак ажы баштаган аалымдарыбыз менен каарыкелерибиздин көбүндө сакал бар. А сиз сакалдан эмнеге куру-жалак жүрөсүз?

— Сакал шариятта сүннөт болуп эсептелет. Шарият боюнча сүннөттү кылса сооп, кээ бир шарттарга байланыштуу сүннөттү кыла албай калса күнөө эмес. Негизи шариятта парз болгон амалдар сөзсүз аткарылат. Сүннөт нерселерди адам кээ бир шарттарга байланыштуу кылбай калган болсо, ал адам кечиримдүү болору шарияттын эрежелеринде деле бар. Жеке өзүм, Кудай буюрса келечекте сакалды коёбуз деген үмүтүм бар. Учурда айрым шарттарга байланыштуу сакалды койбой жүрүп жатабыз.

— Соңку учурда динибизге агылып, Алла Таала көрсөткөн туура жолго ык койгондор көбөйдү. Мындай шартта жогорку билимди диний жааттан алууну көздөгөндөрдүн да саны өскөнү белгилүү. Учурда өлкөбүздө жана чет мамлекеттерде дин жаатынан билим алып жаткандардын саны канчага чамалады? Чет өлкөдөн билип алып жатышкандар боюнча кырдаалды көзөмөлдөгөнгө күчүңүздөр келип жатабы?

— Бул жагынан Кудайга шүгүр, элибиз туура жолго ык коюп, динге агылып жатышат. Момун мусулмандарыбыз динди туура өздөштүрүп, билимин өркүндөткөндө өздөрүнүн балдарын да ислам илими менен сугарууга далалат кылышууда. Ушундай көрүнүштөрдүн себебинен да мечит-медреселерибиздин саны көбөйүп, көбөйгөн куттуу жайларыбыздын баардыгы иретке келтирилди. Медреселерибизде жалпы бирдиктүү программаларыбыз иштелип, таратылып берилген. Ошонун алкагында диний билимибиз окутулууда. Кудайга шүгүр, биздин медреселерибиздин ички-тышкы баардык шарттары азыркы заманбап жагдайда ылайык болуп, сапаттары да аябай өстү. Чет өлкөлөрдөгү чоң-чоң Ислам университеттеринде Сауд Арабиясында, Египет, Түркия, Малайзияда, Пакистан баштаган мусулмандар басымдуулук кылышкан мамлекеттерде көптөгөн студенттерибиз окуп жатышат. Алардын билим алып кайтып келишкен момун мусулман бир туугандарыбыз Кыргызстаныбызга ак кызматын кылышууда. Бул системадагы кырдаал да биздин көзөмөл алдыбызда. Ал эми өлкөбүздүн ичинде 7 миңге жакын балабыз ислам окуу жайларында окуп жатышса, чет өлкөлөрдө 1500гө жакын жараныбыз билим алышууда. Алардын баардыгы биздин тыкыр көзөмөлүбүздө.

— Дагы бир көңүл кубантчу жагдай, жума намазга агылган жарандарыбыз көп. Бирок, жума намазга барып туруп, кайра эртеси же бир тойлордо «беркиден сеп этип» кызымтал болуп алышып, кайра кийинки жумада жуунуп-тазаланып бара берген инсандарыбызга шариятта кандай жаза каралган?

— Элибиз динди жаңыдан түшүнүп келе жатат. Жума намазга да ар түрдүү адамдар келет. Кээлери түшүнүп, айрымдары «жума намаз парз экен, мойнумдагы милдетимден кутулайын» деп келишсе, кээ бирөө жөн гана эч динден кабары жок келип калгандары бар. Биз адамдардын баардыгын түшүнө билишибиз керек. Ошондой түшүнбөй жүргөндөр жума намаздан чыгып туура эмес иш кыла турушкан болсо, бара-бара Алла Таалам ичтерине ыйман салып, түшүнүп кетет деген ойдобуз. Негизи намаз окуган ар бир жаран ар кандай арам иштерден алыс болушу керек. Эгерде намаздан чыгып, туура эмес ишке барып жатышса, демек, алар аны билбей кылып жатат. Мен мындай туугандарыбызга арам, күнөө иштерден алыс бололу демекчмин. Алла Тааладан буларга ыйман, жакшылык сурап, келечекте жакшы бир нукка түшүп калаар деген жакшы ойдомун.

— Максат ажы, Чубак ажы, Абдышүкүр ажы баштаган аалымдарыбызга, сиз сыяктуу каарыкелерибизге карата динден түшүнүгү аз айрым туугандарыбыз «булар ашепке эле араб элинин идеологиясына элибизди сугарып жатышат» деген коомчулуктагы сын пикирлерге сиздин кандай оюңуз бар?

— Айрымдар билип-билбей эле «сөз эркиндиги» деген терини жамынып, социалдык түйүндөрдө ар кандай нерселерди жазып жаткандар да бар. Кудай Таалам дин илими менен сугарылган сүйгөн пенделерин аалым кылат. Биздин азирети муфтийибиз Максатбек ажы Токтомушев, Абдышүкүр ажы, Чубак ажы баштаган аалымдарыбыздын элибиздин өсүп-өнүгүшүнө зор эмгектери бар. Элибиздин башына күн түшүп, көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болушканда бул аалымдарыбыздын кылган кызматтары бар. Анан калса бул инсандар Кыргызстандагы алдыңкы баалуу аалымдарыбыз болуп эсептелинет. Биздин ушундай белгилүү, илимдүү ажыларыбыз менен аалымдарыбызга, каарыкелерибизге асылып, тийишкендерге «бирөөлөргө тийишкенди коюп, ар кимибиз өз ишибизди кылсак, аткара турчу, иштей турчу мындан башка да иштер көп го» деп кайрылып кетет элем. Албетте, мен буларды периште деп айткан жерим жок. Болгону момун пенделер арасында аалымдарыбыздын да өзүнүн орду, баркы болушу керек. Бул аалымдарыбыз менен ажыкелерибизди «өлкөбүзгө араб маданияты менен идеологиясын жайылтып жатат» дегендерге каршыбыз. «Арак ичпе, тамеки тартпа» деген эмне, араб маданиятын жайылтуу болуп саналабы? «Көчөгө жылаңачтанып баспа» деген сыяктуу терс көрүнүштөрдү гана айтып жатышат. Аалымдарыбыздын бирөөсү жаман сүйлөгөн жок го? Жакшылыкка чакыргандарды «араб маданиятын жайылтып жатат» дегендин өзү туура эмес. Аалымдарыбызга сый-урматыбызды кыла берсек, Кудай Таалам бизге да сый урматын кылат.

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ             

Булак: Азия Ньюс         

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: