Menu

Турсунбек Акун, Борбор Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча конгрессинин координатору: “Азырынча президентти сындабай, тескерисинче колдоо кылып туралы”

Бөлүшүү:

— Турсунбек мырза, негедир дымың чыкпай калды. Президент коргоо кеңешинде коомчулукка жага турган сөзүн айтса, элдин баары талкууга алып, анын кээси сын пикир айтканга үлгүрдү…

— “Чабал өрдөк мурда учат” дегендей, мактагандары да, жамандагандары да эрте, элден озунуп айтчусун айтып алды. Жүрөгү таза, саясатта токтолуп калган адам катары, баардык нерсеге кылдат мамиле кылгандыктанбы, өз убакыт-сааты менен айтууну чечтим. Коопсуздук кеңеш жакшы өттү. Азыркы президентибиз “коррупция менен күрөшүш үчүн коррупция менен күрөшө турган адамдардын ичин тазалаш керек” деди. Бул эмне дегендик? УКМК, ИИМ, прокуратура, сот системасын тазалаш керек дегендей эле кеп болду. Буга чейин бир да президент минтип айткан да эмес, айтмак тургай караандабаптыр. Биз буга чейин “балык башынан сасыйт, куйругунан тазалайт” деп келсек, эми “башы сасыган болсо, башынан тазалайлы” деп атат.

— Туке, ажону сиз канчалык деңгээлде билесиз, айтканын жасай алабы? Бизде чоң адамдардын айтылганы айтылган бойдон кала берчү, же киттерин эмес чабактарын жумуштан алып тим болчу да “мына кыйратып атабыз” деп коюшчу. Ошол жолдун бир түрү эмеспи?

— Суке, бул сурооңдун да жөнү бар. Өткөн-кеткенди айтып отуруунун эми кажети жок. Сооронбай Шариповичке келсек, мен ал киши менен институтта бирге окудум, студенттик күндөрдүн далайын бирге өткөрдүк. Бу киши аз сүйлөйт, саз сүйлөйт, эмне сүйлөсө аткарат. Бул иштин акырына чыгарына сөзсүз ишенем, аткарат. Коррупциянын тамырын кескенге аракетин кылып, алты жыл ичинде өтөөсүнө жетет. Анын биринчи далили, биринчи кадамы катары АКСтин жетекчилигин кызматынан алды. Дагы 20дай адамды жумуштан алып тазалап атат. ИИМ менен прокуратада башталып атканына күбөбүз. Процесс кетти, аягы жакшы бүтсө керек.

— Сиздин оюңузча, президентке канча убакыт берип, анан ишмердүүлүгүнө баа берип баштап, сын пикир айтсак болчудай?

— Кыкеңдердин оюна койсоң, биринчи күнү президент, экинчи күнү эле жерди астын-үстүн кылып салыш керек. Андай болбойт. Президентке бери дегенде бир жылча убакыт бериш керек. “Эчтеке кылбай жатат” деген азырынча коошпой турат. Баардык ишти ойлонуп жасоо абзел.

— Анан айтсаң, Путинди коргоо комитетин түзүп аткандай болдуң эле… Ал ошончо коргоого муктажбы?

— Муктаж. Анткени, буга чейин эл аралык саясатта үстөмдүк кылып, бүткүл дүйнөнү алаканына салып башкарып келген ири державанын бири Америка болчу. Алар кайсы мамлекетке башбакпасын, өздөрүнүн саясатын жүргүзүп, жадагалса президенттерин өлтүрүп жаны тынышкан. Ирак мамлекети буга бир эле мисал болуп берет. Акыркы кезде Сириянын оппозициясына кошулуп, мамлекетине бүлүк салып баштады эле Путин “андай болбойт” дегендей, мыйзамдуу бийликти колдоп, Американын ойлогон ойлорун ташкаптырды. Эгер Путиндин жүргүзүп жаткан саясаты туура эмес болсо, анда мен аны колдомок эмесмин. Кептин баары ушунда. Путин бизге душман эмес. Жаманбы-жакшыбы өз жардамын берип келет. Канчалаган карыздарыбызды кечти. Мурунку президентибиз Алмазбек Атамбаевди колдоп турду. Азыркы президентибизге да көз карашы жаман эмес. Мигранттарга жардамын берип атат.

— Шайлоосуна кийлигишип жаткан жоксузбу?

— Мамлекеттин ички саясатына кийлигишүүдөн жаа бою алысмын. Кимди шайлайт өздөрү билет. Мен тек гана эл аралык аренада туура жүргүзгөн ишмердүүлүгүн колдоо иретинде “Путинди коргоо комитетин” түзгөм. 14 кишиден турабыз. Төрагасы кылып мени шайлашкан. Чын-чынына келгенде, биз азыркы учурда өз алдыбызча экономикасы күчтүү мамлекеттердин катарына киргиче Россия менен ырмая-чырмая оокат кылышыбыз керек.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ    

Булак: Азия Ньюс 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: