Menu

Казакстанда өзбекстандыктар бараткан автобус кырсыкка учурады

Бөлүшүү:

Казакстандын Актөбө облусунда жүргүнчү ташыган автобус кырсыкка учурады. Жыйынтыгында жети киши жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлигинин аймактык департаментинен билдиришти.

Полициянын маалыматы боюнча, кырсык 25-февраль кечинде Самара — Шымкент унаа жолунун Хромтау районундагы бөлүгүндө болгон. Автобус Өзбекстандын жарандарын алып бараткан. Ичинде 25 жүргүнчү болгон.

«Актөбөдөн Хромтау шаарына бараткан 35 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып, автобус оодарылып кеткен. Жыйынтыгында түрдүү жарааттары менен жети жүргүнчү райондук оорукана жеткирилди. Алардын баары Өзбекстандын жарандары», — деп жазылган департаменттин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө.

Полиция «Жол кыймылынын же транспорт каражатын пайдалануунун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча тергөө иштери баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 27

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: