Жакында эле ордо калаабыздын №69 мектептин спорт залында волейбол боюнча энелер лигасынын кезектеги 2018-жылдагы жаңы сезону ачылып, жылдагыга салыштырмалуу дагы-дагы командалар кошулуп, жалпы саны 26га жетти. Алар үч тайпага бөлүнүштү. Алгач “А” жана “В” тайпанын ортосунда мелдеш өтүп, “Ак ниет” жана “Тумар” командалары татыктуу чемпион аталышкан. Быйылкы жылы жаңы куралган “С” тайпасындагы командалар болсо жума этегинде №14 мектептин спорт залында күч сынашып, финалга чыккан “Жасмин” менен “Мраморное” беттешип, биринчи орунга “Жасмин” жетишти. Ал эми кадимки КР эмгек сиңирген артисти Гүлнара Тойгонбаева катышкан ДБВ (Дети Брежневских времен) командасы байгеге илинбесе да күйөрмандардын сүймөнчүк топ чапкычтары аталып, аны КР Волейбол федерация президенти Элмурза Сатыбалдиев да баса белгилөө менен жылуу сөзүн арнады.
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ