«DJ Julia Mixa» каймана ат менен белгилүү украиналык ди-джей Юлия Михайлова Бишкектеги түнкү клубдардын биринде жылаңачтанып алып музыка койгондугу үчүн камакка алынды. Бишкек шаардык милициясынан кабарлагандай, Биринчи май РИИБдин кызматкерлери борбордогу түнкү клубдардын биринде жылаңачтанып алып музыка койгон ди-джей тууралуу маалыматты иликтеп чыгышкан. Аталган окуяга тиешелүү чогулган материалдар Биринчи май райондук сотко жөнөтүлгөн. Натыйжада сот ди-джейди административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн аны 5 күнгө камакка алуу чечимин кабыл алган. Мындан тышкары клубдун администраторуна 1500 сом айып пул салынып, 8 сааттык коомдук жумушка тартылган. Буга чейин борбордогу түнкү клубдардын биринде жылаңачтанып алып музыка коюп жаткан ди-джей кыздын сүрөтү социалдык тармактарга тараган болчу. Маалым болгондой, сүрөт жекшембиге караган түнү тартылган. Кийинчерээк ди-джей украиналык Юлия Михайлова аттуу кыз экени, ал Бишкектеги түнкү клубдардын биринде 9-февралдан 9-мартка чейин музыка коюп иштөө үчүн Кыргызстанга келгени маалымдалган. Аны клубдун ээлери атайын чакырышкан.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ