Menu

Сүйүн Өмүрзаков ар убак мыктылыгын көрсөтүп келет

Бөлүшүү:

Кылган иши менен көпчүлүктүн назарына илинип, бийик сапаты ме­нен эмгегинен баар тапкан ИИМдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков бүгүнкү күндө кыргыз журту үчүн маңдай терин төгүп жаткан кези. Би­рок, «ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» дегендей, көрө албастык каныбызда бар окшойт, бул кишиге дагы бут тоскондор чыгууда. Мумкүн бекер жеминен айрылган криминалдык топтор уюштуруп жаткандыр. Айтор неси болсо да Өмүрзаковго ар кандай жалган ушактарды жабыштырып, каралаганга аракет кылышууда. Баса, Сүйүн мырза арты кууш чиновниктердей жашынып албастан ачык чыгып, жообун узатыптыр. Маселен, Бельгияга болгон иш сапарда тажрыйба топтоп келгенин, баңги заттар боюн­ча тараган сөздөр көчөдөгү ушак экенин, иниси Улукбек Өмүрзаков менен Жолдошбек Көлбаев эки чоң федерациянын президенти катары жолугушуп, спорт тармагын көтөрүүгө аракеттенип жүрүшкөнүн айтыптыр. Кандай болгон күндө дагы өзүнүн дарегине айтылган сын пикирлерге өз убагында реакция кылып жооп берип, ак караны ажыратып айта алган Өмүрзаков азамат экен… Баракелде дегенден башка айтаарыбыз жок!

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: