Menu

Курманбек Дыйканбаев, Жогорку Кеңештеги президенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлү: «Өмүрбек Бабанов менден кетти деп кечирим сурады, мен кечирдим»

Бөлүшүү:

—Курманбек Сапарович, капыстан эле президенттин Жогор­ку Кеңештеги өкүлү болуп калганыңызга түшүнбөй калдык. Бабановду «сатып» кеттиңизби ошондо?

—Эч кандай сатып кетүү деген болгон жок. Өмүрбек Токтогулович менен дайыма сый-урматта элебиз. Ал киши менен чогуу 5-чакырылышта иштедик. 2015-жылы шайлоого барып 30 миң добуш алып бердик. Алдын ала убадалаган 3 мандат берем деген убадасына турбай койду. Ошондуктан мамилебиз солгундап калды. 10-сентябрда президенттик шайлоо болоордун алдында жолугуп 4 саат сүйлөштүк. Ал киши кайра мени командасына чакырды. «Өмүрбек Токтогулович, ортодон эки жыл өтүп кетти. Ушунча убакыттын ичинде сиз бизди кабыл албай, телефон чалсак жооп бербей, убадага турган жоксуз. Шайлоочулардын мүдөөсү аткарылбай калды. Эми сиздин командага барсам шайлоочулар, эл түшүнбөй калат»-деп айттым. Ошол жерден Өмүрбек Бабанов менден кетти деп кечирим сурады, мен кечирдим. Бүгүнкү күндө кээ бир адамдар «сатып кетти» деген сын-пикирлерди жазып жатышат. «Сатып кетүү» менин адамдык сапатыма туура келбейт.

– «СДПКнын» катарына ким чакырды сизди же өзүңүз өтүнүч кылдыңызбы?

—Өткөн президенттик шайлоодо шайлоочулар өздөрү: «Ыймандуу, таза бийлик шайлайлы, өзгөрүү болсун» дегенден кийин азыркы президентти колдоп, Түп району жеңишке жетиштик. Бул жерде эч кандай саткындык жок. Муну ар бир адамга айтып олтура албайм да. Биздин максатыбыз бир – Кыргызстанда өнүгүү жана мыйзамдуулук болсо экен дейбиз.

Сезим Мураталиева

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: