Menu

Тажикстанда мусулмандарды кемсинткен чиновник жумуштан алынат

Бөлүшүү:

Тажикстанда мечитке келгендерди адепсиз сөздөр менен тилдеген Рудаки районунун Чорякорон айылынын дин иштери бөлүмүнүн башкы адиси Шокир Холдоров жумуштан алынат. Бул тууралуу президенттин алдындагы мамлекеттик иштер боюнча агенттиктен билдиришти.

Маалыматка караганда, Рудаки райондук акимчилигине Мамлекеттик кызматкердин жүрүш-туруш кодексин бузгандыгы үчүн Холдоровду иштен алуу сунушу жөнөтүлдү.

Былтыр октябрда Холдоров мечитке келгендерди тилдеп, мечитти жабууну талап кылып жатканы тартылган видео пайда болгон.

Мусулмандардан кечирим сураган Холдоров анда 500 сомони (55 доллар) өлчөмүндө айыппул төлөп, кызматында кала берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 4 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: