Menu

Мамбет аксакалдын ачуусу келгенде

Бөлүшүү:

Кыргызстанда кийинки учурларда жаш балдарды зордуктаган аңгилердин улам көбөйүп бара жатканына профессор Мамбет Мамакеевдин бир топтон бери ачуусу келип жүргөн кербези экен. Бир күнү өзүнүн иш бөлмөсүндө интернеттен түрк туугандардын “Даңазалуу доор” тасмасын көрүп жаткан учурда өзүнүн кол алдында иштеген бир дарыгер жеке иштери менен келип калыптыр.

Тасмадан көзүн албай тишин кычыратып, муштумун түйүп жаткан профессорго таң калган тиги дарыгер:

– Мамбет Мамакеевич, тасмадагы каармандарга ачууңуз келип жатабы? Же туура эмес учурда кирип алган магабы?-деп кызыгып сураса профессор:

– Сага эмнеге ачуум келмек эле? Атаңдын оозун урайын десе! Эгер колумда бийлик болгондо жанагы жаш балдарды кордогон аңгилерди тээтиги Сүмбүлгө окшотуп өзүм эле бычып салмакмын,-деп коёт имиш столду бир муштап.

Булак: Жаңы Ордо 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: