Menu

Фоторепортаж – Премьер-министр Сапар Исаков «Бабатрон II» аппаратынын ишке берилишинин ачылыш салтанатына катышты

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 26-февралда, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборундагы «Бабатрон II» гамма-терапевттик аппараттын ишке берилишинин ачылыш салтанатына катышты.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы Индиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лакшманан Сависри аркылуу индиялык тарапка жогоруда аталган медициналык аппаратты орнотуудагы өз учурундагы көрсөтүлгөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Премьер-министр билдиргендей, тилекке каршы, бүгүнкү күнгө карата республикада онкологиялык оорулар көбөйүп жатат.

Сапар Исаков заманбап медициналык жабдуулардын катарына кирген «Бабатрон II» аппаратын пайдаланууда медициналык тейлөөгө карата жеткиликтүүлүктү жана анын натыйжалуулугун кескин жогорулатууга, ошондой эле калктын онкологиялык оорулардан жабыркоо деңгээлин жана андан келип чыккан өлүмдүн санын төмөндөтүүгө мүмкүндүк берээрин баса белгиледи.

Өкмөт башчы эске салгандай, Дубай шаарындагы Өкмөттөрдүн Алтынчы саммити алкагындагы Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди менен жолугушууда Ош шаардык онкологиялык клиникасынын муктаждыгы үчүн дагы бир «Бабатрон II» аппаратын бөлүү мүмкүндүгү талкууланган.

Анын айтымында, Өкмөт аталган медициналык мекемеде капиталдык реконструкция өткөрүүнү пландаштырууда.

Премьер-министр билдиргендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана «Центерра Голд Инк.» компаниясы ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча кол коюлган Стратегиялык келишим алкагында сызыктык тездеткичти, ошондой эле башка заманбап медциналык жабдууларды сатып алуу боюнча тендердик процедуралар өткөрүлүүдө. Өз кезегинде Индиянын Кыргызстандагы Элчиси Лакшманан Сависри белгилегендей, «Бабатрон II» аппараты эки элдин достугунун символу болуп саналат.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы Улуттук онкология борборунун аймагындагы балдар жана чоңдор үчүн онкогематология бөлүмүнүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

«Бабатрон II» – зыяндуу шишиктерди нур терапиясы менен дарылоо үчүн каралган гамма-терапевттик аппарат болуп саналат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: