Menu

Назарбаев: парламент менен өкмөттүн иши мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек

Бөлүшүү:

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 26-февралда өлкөнүн маалымат жана байланыш министри Даурен Абаев менен жолугуп, ага казак тилинин макамын жогорулатуу боюнча иштерди улантуу тапшырмасын берди. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

– Биздин эл үчүн латын арибине өтүү жараяны тарыхый мааниге ээ. Ошол эле маалда казак тилинин макамын жогорулатуу боюнча иштерди улантуу зарыл. Парламент менен өкмөттүн ишмердүүлүгү мамлекеттик тилде болушу шарт. Бирок бул маселеде башка жарандардын укуктары тебеленбеши керек. Бул үчүн синхрондуу которуу мүмкүндүгү бар, – деди мамлекет башчы.

Эки жыл мурда Назарбаев орус тилинде кайрылгандарга казакча жооп берген учурларды сынга алган: «Мага орусча кайрылган адам казакча жооп алып жатканы жөнүндө маалыматтар жетти. Ким буга жол берди? Эмнеге прокуратура мындай мыйзам бузууларды текшербейт? Эгер адам орус тилинде кайрылса, жооп дагы ошол тилде болушу керек».

Анда Назарбаевдин ошол кездеги басма сөз катчысы Абаев президенттин ал сөздөрү жөнүндө айтып жатып, бул сын «бийлик өкүлдөрү казак тилинде жооп бере албаган учурларга дагы тиешелүү экенин» билдирген.

Өткөн аптада Казакстанда казак алфавитинин латын арибиндеги жаңы варианты бекитилген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 82 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: