Menu

Өкмөт белгилүү коомдук жана саясий ишмер Эсенгул Өмүралиевдин тажыясын уюштуруу жана сөөгүн жерге берүүгө байланыштуу бардык маселелерди өзүнө алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилүү коомдук жана саясий ишмер Эсенгул Касымович Өмүралиевдин тажыясын уюштуруу жана анын сөөгүн жерге берүүгө байланыштуу бардык маселелерди өзүнө алды.

Белгилесек, Эсенгул Өмүралиев узакка созулган оорудан соң 68 жаш курагында дүйнө салды. Өз эмгек жолун 1973-жылы Фрунзе политехникалык институтунун энергетика бөлүмүн аяктагандан кийин, Электромеханика илимий-изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп баштаган. Эсенгул Өмүралиев ар кандай жоопкерчиликтүү кызматтарды ээлеген, анын катарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын өнөр-жай жана тышкы соода министри, Кыргыз Республикасынын бир катар КМШ мамлекеттериндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлү, Ысык-Көл облусунун губернатору-мамлекеттик администрациясынын төрагасы кызматтарын аркалаган.

Эсенгул Өмүралиев өзүнүн көп жылдык жана ак ниет эмгеги үчүн көптөгөн мамлекеттик жана мекемелик сыйлыктар менен сыйланган, анын ичинде Кыргыз Республикасынын «Даңк» медалы жана Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Өмүралиев Эсенгул Касымовичке арналган жарандык эскерүү тажиясы 27-февралда саат 10:00 дө Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт. Эсенгул Өмүралиевдин сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча күмбөзүнө коюлат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: