Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү боюнча кескин билдирүү жасагандан бери коомдо эми мамлекетти тоноп, жеп-ичкен коррупционерлер камалабы же өлкө башчысынын сөзү «Ормон опуза» бойдон калабы деген суроонун айланасында кызуу талкуу жүрүп жатат. Айтмакчы, өлкө башчысы коррупционерлер менен күрөшүүнү күчөтүү талабын коюп жатса, ошол жыйында Башкы прокуратура тарабынан мамлекетке 250 миллион сомдон ашык зыян келтирген деген факты менен кылмыш иши козголгон «Бир Бол» фракциясынын депутаты Исхак Пирматовдун койкоюп отурганы кызык болду. Анысы аз келгенсип, Пирматов Коопсуздук кеңешинин жыйынына келип Жогорку Кеңеште коррупция менен күрөшүү боюнча маек берип, акыл үйрөттү. «Ууруну карма деп ууру жүрөт» дегенди эске салып…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ