Menu

Жүргүнчүлөрдү ташуучу «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезд каттамына билеттер сатыла баштады

Бөлүшүү:

Билет баалары: Бишкек шаарынан Ташкент шаарына чейин плацкарт вагонуна 2500 сомдон, купе вагонуна 3378 сомдон жана люкс вагонуна 6432 сомдон. Эске салсак март айынан тартып, «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезд каттамы ачылат.

№455/456 «Ташкент-Рыбачье-Ташкент» поезди Өзбек темир жолунун курамы менен жумасына бир жолу каттайт.

Анын расписаниеси төмөндөгүчө: Алгачкы курам 2018-жылдын 22-мартында бейшемби күнү Ташкент шаарынан чыгат жана 23-мартта жума күнү Рыбачьеге келет. Ал эми 24-март ишемби күнү Рыбачьеден кайра жөнөп, 25-март жекшемби күнү Ташкент шаарына келет.

Аталган поезд курамы ар бейшемби күндөрү Ташкенттен чыгат жана ар ишемби күндөрү Рыбачьеден кайра Ташкент шаарына жөнөп кетет.

Курамында 7 купе вагону, 3 плацкарт вагону жана вагон рестораны бар.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 92 − 83 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: