Президент Сооронбай Жээнбеков экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Замирбек Осмоновду кабыл алып, коррупция менен күрөшүү багытында алгылыктуу иштер жүргүзүлбөй жатканын белгиледи. Бул туурасында: «Кылмыш иштери ишкерлерге кысым жасоо, алардан акча доолап алуу максаты менен козголуп жатканы боюнча фактылар бар. Жарандардын жана таза иштеген ишкерлердин силердин кызматкерлердин мыйзамсыз иш-аракеттерине болгон арыздары токтобой келет. Ошондой эле чакан жана орто ишкерликтин таза иштебеген өкүлдөрүнүн иштерин жаап-жашыруу фактылары дагы бар», – деп сынга алды. Эми президенттин сынынан кийин Осмонов оозун ачпай, таза иштейт болду бекен? Же чалчыкта чабак ура береби?
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ