Улуттук илимдер академиясын жетектеп турганда чырлуу иштерден төбөсү көрүнүп, ызы-чуу менен иштен кеткен Абдыганы Эркебаев акыркы күндөрү жанданды. Эркебаевдин тушунда Башкы прокуратура Улуттук илимдер академиясынын бир эле институту 720 миң сом зыян келтиргенин маалым кылган. Академиянын гаражы, Көлдөгү пансионаттары боюнча да коррупция жыттанган маалыматтар чыккан. Ушундай алешемдиктердин айынан кызматынан кол жууган. Бирок кылмыш жыттанган иштен кантип кургак чыгып кеткени табышмак. Ошол кезде сот болуп иштеген кызы дагы пара менен кармалган. Бул иш да жабылуу бойдон калды. Мына ушуга окшогон куйругунда калдыраган калбырынан тайсалдап тынч жатты эле, кийинки күндөрү тил бүтүп, бийликти сындамыш болуп, коррупция тууралуу сөз козгой баштады. Арты таза болсо бир жөн эле, кайсы арына? «Чычкан ийинине кире албай жатып куйругуна калбыр байлайт» деген чын белем…
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ