Биздеги укук коргоо тармагынын ашмалтайы чыгып калгандыктан канчалаган жарандардын укугу тебеленип, акыйкат таппай зыркырап жүрүшөт. Акчалуу, таанышы барлар адам тагдырын оюнчук кылып ойногон заманда жашап жатабыз. Буга мисал катары мурунку прокурор Канжар Кадыралиевдин жоругу факт десек жарашат. Канжарга карата каракчылык, опузалоо сыяктуу бир канча статья менен кылмыш иши козголгонуна 4-5 жыл болду. Мүлкүн тарттырып жабыр тарткандар күнү бүгүнкүгө чейин Кадыралиевди сот жоопкерчилигине тартылышын зар какшап айтышканы менен жыйынтык жок. Бир канча адамды сыздаткан неме эч нерсе болбой, эч кимди тоготпой ээн-эркин басып жүрөт. Эми акыркы үмүт менен президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Өлкө башчысы карапайым жарандардын үнүн угуп, кылмыш ишин буйдамалашып, мыйзамды буйлалаган төөгө айланткандарга чара көрөөр бекен?
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ