ЖЭБдеги аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын иш мөөнөтү материалдардын көптүгүнө байланыштуу 1-апрелге чейин узартылды. Эл өкүлдөрү Кытайдан карызга алынган 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганын иликтеп, жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук борборундагы авариянын себептерин аныктоого тийиш. Туурасын айтканда 386 миллион долларды кимдер кантип жеп алышканы коомчулукка ачык жарыяланып, күнөөлүүлөр сот жоопкерчилигине тартылыш керек. Эгер депутаттык комиссиянын колунан бул иш келбей турган болсо, демек ооз басырык алышкан болушат. Башкача айтканда депутаттык комиссиянын курамындагылар дагы ТЭЦтин акчасын кошо жегендердин катарын толукташат. Келечекте баары бир күнөөлүүлөр жазасын алууга тийиш.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ