Акыркы мезгилдерде өз жанын кыйган көрүнүш өспүрүмдөр арасында көп катталууда. Акыйкатчы Кубат Оторбаев суицидге мигранттардын балдары көп бара турганын маалымдады. Мындан улам Оторбаев ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын белгилеп: “Мектеп-интернаттарында ата-энеси жок балдар эмес, мигранттардын балдары көп окуйт экен. Мигранттар балдарын жатак мектебине таштап, эч кандай кабары жок бир канча убакыттан кийин келишет. Балдарын тааныбай калган учурлар бар. Мектеп-интернатын жаап салууну сунуштабайм. Себеби туугандарынын үйүнө таштап кетсе зордук-зомбулукка кабылат. Ата-энелердин жоопкерчилигин күчөтүү зарыл”, – деп билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ