– Эстен кеткис жолугушуу күндөрүңүз?
– Мен мектепте окуп жүргөн кез эле. Кыш чилдеси. Дос балам экөөбүз кошуна айылга кыздарга барган элек. Күн ушунчалык суук эле. Барып-келгенче жанымдагы классташымдын кулагын үшүк алып кетиптир. Байкуш 1 ай үйүнөн чыкпай жатып калган. Ал кезде жашпыз, кыздарга жагыш үчүн чачты суукка карабай жууп, анан барат элек да. Башка топу кийүү деген жок. Эсимде, моюн орогон шарф менен жолдо катар ороп алган. Бирок кулагы чыгып калса керек. Анын үстүнө, келе жатып кошуна айылдын балдарынан келтек жегенбиз. Ошондо да карга көбүрөөк сүрүлүп үшүп калган окшойт. Ошол күн 14-февраль эле. Анткени менин туулган күнүм 15-февраль. Ал кезде сүйүү майрамы деген түшүнүк жок болчу. Биз ал кыздарды жөн гана эртеси күнкү менин туулган күнүмө чакыралы деп барганбыз. Ошол жолугушуу эсимден кетпейт.
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ