Menu

Фоторепортаж – Премьер-министр Сапар Исаков: «Эсенгул Өмүралиев өлкө кызыкчылыгын коргогон чыныгы патриот болгон»

Бөлүшүү:

«Эсенгул Өмүралиев өлкө кызыкчылыгын берилүү менен коргогон чыныгы патриот болгон», – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-февралда, Кыргыз Республикасынын белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмери Өмүралиев Эсенгул Касымовичтин жарандык аза күтүү тажиясында.

Өкмөт башчы Эсенгул Өмүралиевдин бүткүл өмүр жолун Ата мекенге кызмат кылууга арнагандыгын баса белгиледи.

Өзүнүн эмгек жолунда ал ар кыл жоопкерчиликтүү кызматтарды аркалаган, анын катарында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, Кыргыз Республикасынын өнөр-жай жана тышкы соода министри, Кыргыз Республикасынын бир катар КМШ мамлекеттериндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу өкүлү, Ысык-Көл облусунун губернатору-мамлекеттик администрациясынын төрагасы кызматтарын ээлеген.

Премьер-министр белгилегендей, Эсенгул Өмүралиевдин жашап өткөн өмүрү өсүп келе жаткан муун үчүн өрнөк болуп саналат.

Коомдук ишмердин сөөгү Бишкек шаарындагы Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: