Menu

Элчилик ортомчулардын кызматынан урунбоону эскертти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине ыкчам байланыш телефону аркылуу Москва шаарынын укук коргоо органдары тарабынан Кыргызстандын 35 жаранынын кармалышы боюнча маалымат түшкөн. Ушуга байланыштуу элчиликтин кызматкерлери Москва шаарынын Новогиреево райондук ички иштер бөлүмүнө жетип барышкан.

Өз ара сүйлөшүү маалында чет элдик жарандардын документтерин тактоо максатында “Террорго каршы” рейдинин алкагында пландык текшерүү гана жүрүп жаткандыгы тастыкталды. Элчиликтин кызматкерлери Новогиреево райондук ИИБсынын башчысы менен бетме-бет жолугушуп, анда укук коргоо органынын өкүлү кармалгандарга карата бардык укук кызыкчылыктарын сактоо менен иш алып барылып жаткандыгын жана тийиштүү текшерүүдөн кийин үйлөрүнө бошотулаарын билдиришти. Ошентип, жашаган жериндеги каттоосу боюнча документтери текшерилгенден кийин 32 кыргызстандык кое берилип, калган 3 жаранга карата административдик протоколдор түзүлүп, ага ылайык жарандар аймактан чыгарылбастан, айып пул төлөөсү зарылдыгы айтылды. Буга улай мындай окуялардын алдын алуу максатында жарандар менен “Суроо- жооп” форматында маек жүргүзүлүп, жарандарды жашаган жерине каттоого тургузууда Орусиянын миграциялык кызматы тарабынан гана жүзөгө ашаары баса белгиленди. Кыргыз Республикасынын Орусиядагы Элчилигинин кызматкерлери мекендештерин ортомчулардын кызматынан таптакыр пайдаланбоону эскертишти.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: