Menu

Соттор Токтосун Бармановдун бармагын жалаганды качан токтотот?

Бөлүшүү:

Президентибиздин Коопсуздук кенешинин отурумундагы соттордун иштерине карата айткан сын-пикиринен соң, көпчүлүк сыяктуу эле, менде да 3 (үч) жарым жылдан бери жете албаган адилеттүүлүктүн бардыгына ишеним жаралды.

Учурунда мен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болуп иштечүмүн. 2014-жылдын февраль айында райадминистрациянын башчысы- аким болуп Т.Барманов деген дайындалды. Ушундан көп узабай эле, анын тарапташтарын кызматтарга алып келүү үчүн, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилерин жана кызматкерлерин жумуштан бошотуу кампаниясы башталды. Бир топ тажрыйбалуу адамдар жумуштарынан кол жуушту. Балким, мындай иш-аракеттер керек болгондур?.. Бирок, алар адилеттүү жана мыйзам чегинде болсо, нааразычылыктар жаралбас эле.

Ошентип, мага да кезек келип жетти. Ооруканада дарыланып жаткан мезгилимде, жашыруун түрдө, 2014-жылдын 12-сентябрында экс-аким Т.Барманов мени жумуштан бошотту. Менин эч кандай тартиптик жазам болбосо да, «кызматтык милдетин талаптагыдай аткарбаган”- деген негиз менен кызматтан бошотуу тууралуу буйрук чыгарды. Ал эми мындай жүйөө менен кызматкер, эгерде ага мурда тартиптик жаза колдонулган болсо гана, жумуштан бошотулат. Кызматкерди убактылуу эмгекке жарамсыздык учурунда да жумуштан бошотууга жол берилбейт (ооруканада дарыланып жатканымды тастыктаган Эмгекке жарамсыздык баракчасы, медициналык картанын көчүрмөсү жана башка көптөгөн медициналык кагаздар бар). Жумуштан бошотуудан мурда, мага коюлуп жаткан кинелер боюнча, менден түшүнүк кат да алынбады. Анын үстүнө, мага коюлган жана менин тикелей кызматтык милдетиме кирбеген кемчиликтер 2014-жылдын 19-20- май күндөрү аныкталса да, тартиптик жаза – мени жумуштан бошотуу – 3 (үч) айдан кийин гана, 12-сентябрда колдонулду. Ал эми тартиптик жаза кызматкерге анын кемчилиги аныкталгандан кийин дароо… 1 (бир) айдан кечиктирилбестен колдонулат. Жогорудагы, милдетүү түрдө аткарылууга тийиш болгон эрежелердин баардыгы КРнын эмгек мыйзамдарында ачык жана так жазылган.

Бул жагдай боюнча иликтөө жүргүзгөн “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактык башкармалыгы” менин эмгек укуктарымдын бузулганын аныктап, аларды калыбына келтирүү жөнүндө тыянак чыгарды. Бирок, экс-аким Т.Барманов тыянакты аткарбады.

Менин ордума ошол эле 12-сентябрь күнү экс-аким Т.Барманов мыйзам талап кылган конкурсту өткөрбөстөн эле, жумушсуз жүргөн айылдык кеңештин төрагасы Т.Эсенкулов дегенди аппарат жетекчисинин милдетин убактылуу аткаруучу кылып дайындаган. Эмгек укугумдун бузулушу менен макул болбогон мен, 2014-жылдын 9-октябрында сотко “жумушка кайра орноштуруу жана аргасыз иштебей жүргөн күндөр үчүн эмгек акы өндүрүү жөнүндө” доо арыз менен кайрылдым. Райондук сот Токтогул райадминистрациясы тарабынан КРнын “Эмгек кодексинин” 85-беренеси менен 147-беренесинин, жана “КРнын Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамынын 31-беренесинин талаптары бузулган деп тапты. “Мени жумуштан бошотуу жөнүндөгү буйрук жокко чыгарылып, ээлеген кызматына кайрадан орноштурулсун жана аргасыз иштебей жүргөн күндөр үчүн эмгек акы өндүрүлсүн”,- деген чечим кабыл алды. Чечимге макул болбогон экс-аким Т.Бармановдун апелляциялык арызы 2015- жылдын 19-мартында Жалал-Абад областтык сотунун коллегиясы тарабынан да канааттандыруусуз калтырылды. Ушундан соң мен экс-аким Т.Бармановго жолугуп айттым: “Соттун чечимин аткарыңыз. Мен сиз менен баары бир иштеше албайм. Андыктан, көп созбой эле өз каалоом менен жумуштан бошонуп кетем”,- деп. Бирок, ал көнгөн жок: “Мен Жогорку сотко даттануу жазам. Ал жактан ута албайсыз”,- деди. Баамымда, чын эле ал айткандай болууда.

Ошентип, жоопкердин көзөмөл иретиндеги даттануусу КРнын Жогорку Сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясы (судьялар Г.Калиева, Ж.Исакова, Г.Уметалиева) тарабынан 2015-жылдын 6-августунда каралды. Натыйжада, бул соттук коллегия, алгачкы эки инстанцияда тең иш менин пайдама чечилгенине карабастан, апелляциялык инстанциянын чечимин жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттү. Мындай мүнөздөгү чечим (токтом) КРнын Жарандык процесстик кодексинин 356-беренесинин 5-пунктуна ылайык, материалдык укук ченемдери туура эмес колдонулса, процессуалдык укуктун ченемдери олуттуу бузулса, же иште аныкталган жагдайлар акыркы чечим чыгаруу үчүн жетишсиз болсо чыгарылат (КР ЖПКга илимий-практикалык комментарий, Бишкек, 2011, 642-бет, 20-абзац). Бирок, мындай негиздер болгон эмес.

2017-жылдын 11-январында Жалал-Абад областтык сотунун коллегиясы ишти дагы бир ирет менин пайдама чечти. Жоопкер болгон Токтогул раймамадминистрациясынын жаңы көзөмөл даттануусу кайрадан КРнын Жогорку Сотунун коллегиясы (судьялар Д.Арстанбаева, Т.Чаргинова жана Ж.Исакова) тарабынан 2017-жылдын 12- июлунда каралып, эми апелляциялык инстанциянын бул чечими да жокко чыгарылып, дагы кайра кароого жөнөтүлдү. Жогорку соттун судьяларынын мындай иш-аракеттерин кандай деп түшүнсө болот?.. Булар деле Кыргызстандын мыйзамдарын колдонобу же башка мыйзамдар менен иштейби?.. Мындан сырткары, Жогорку сот тарабынан (судьялар Г.Калиева, Ж.Исакова, Г.Уметалиева, Д.Арстанбаева ж.б.) аткаруу өндүрүшү да 3 (үч) жолу токтотулду.

Ошентип, Жалал-Абад областтык сотунун коллегиясы (Ш.Камбаров, Ш.Жакыпбаев жана Б.Султанканов) ишти дагы кайрадан карады. Бирок, райондук соттун жүйөөлөрүнүн бирин дагы төгүндөй албады. Ага карабастан, 2017-жылдын 1-ноябрында: “Токтогул райондук сотунун 2014-жылдын 26-декабрындагы чечими жокко чыгарылсын”,- деген таптакыр тескери чечим чыгарды. Ушундай кантип болсун? Мындай чечим менен макул болбостон, айласыздан, эми мага КРнын Жогорку Сотуна кассациялык даттануу жазууга туура келди. Менин бул даттануум 2018-жылдын 1-мартында каралат.

Айтор, иш сотто 3 (үч) жарым жылдан бери каралып эле келатат. Иш боюнча жалпы жыйырмага жакын соттук отурумдар болду. Жарандык иш райондук сотто бир жолу, апелляциялык инстанцияда төрт жолу жана Жогорку сотто үч жолу каралды.

Судьялар кеңешине жана анын тартип комиссиясына жазган менин арызым да канааттандыруусуз калтырылды. Жогорку соттун төрайымы А.Токбаевага жазган арыздан да майнап чыкпады. Жыйынтыктап айтканда, сот калыстыгына шек жаралды. Аргасыздан суроолор жаралат: Кыргызстанда сот адилеттиги жана мыйзам үстөмдүгү деген түшүнүктөр аткарылабы? Кыргызстан – укуктук мамлекет. Демек, адамдын укугу сакталышы жана корголушу керек да?! Мамлекет тарабынан мындай маанилүү укуктук баалуулуктардын сакталышы көзөмөлдөнөбү?

Ошентип, бул иш жакында төртүнчү жолу Жогорку сотто каралат. Жогорку сот деги ишке чекит коюп, адилет жана мыйзамдуу чечим чыгарабы же жокпу?..

З.МОЛДАЛИЕВ 18-февраль, 2018-жыл

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: