Menu

Араванда жазгы талаа жумуштары башталды

Бөлүшүү:

Араван районунда жазгы талаа жумуштары кадимкидей башталды. Азыр жерлер айдалып, суу арыктары дээрлик чабылып бүттү. Дыйкандар болсо үрөөндөрүн даярдап себүүгө камынып турушат. А район жетекчилиги быйыл пахта өндүүрүүгө айрыкча басым жасап жатышат.

Жергиликтүү дыйкандардын баамында, быйыл жаз жылдагыга караганда он күн эрте баш бакты. Дыйканчылыктын аймагы болгон Араванда алгач эле картошка эгилет. Андан соң, капуста, түрп, шалгам жашылчаларын отургузуу башталат.

– Мына, быйылкы жаз абдан эрте баш бакты. Быйыл үшүк жүрбөй жерибиз кичине катуу болуп калды. Ошондуктан, аянттарыбызды дагы бир сыйра майдалаганга туура келип жатат. Бир жумада эгип баштап жиберебиз деп турабыз. Май айына бышып берсе, жыйнап алып, кайрадан экинчи түшүмдү эгүүгө киришебиз. Куда кааласа, мээнетибиз быйыл толук акталат деп олтурабыз!- деди аравандык дыйкан Жалалдин Камалдинов.

Айтмакчы, Араван районунда жалпы жонунан 7 миң гектарга жакын дыйканчылыкка ылайыктуу сугат жер бар. Жергиликтүү бийликтин билдиришинче, былтыр аймакта 24 миң тонна картошка жыйналган. Араванда жыл сайын бир жерден эки түшүм алынат. Май, июнь айында жыйналган картошканын ордуна кайрадан жүгөрү, күн карама эгишет. Былтыр Араван району 3 миллиард сомдук айыл чарба продукцияларын өндүргөн. Анын ичинен 30 миң тонна дан эгиндери, 24 тонна картошка, 40 тоннадан ашуун жашылча жемиштер эле.

Булак: Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: