Ош шаарында контрабандалык жол менен ташылып келаткан эки тонна Пакистан мандарини кармалды. Бул жөнүндө Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлашты.
Маалыматка таянсак, Ош шаарына караштуу Жапалак айылында “Юг” ыкчам бажы кызматынын оперлери Кыргыз Республикиасынын жараны Б.А. айдап келаткан “Мерседес-Бенц Спринтер 413” үлгүсүндөгү күмөндүү автоунааны аңдып жүрүп кармашкан. Аны тинтишкенде, жалпы наркы 117 миң 942,50 сомдук 1 миң 814,5 кило атайын жащиктерге салынган мандарин табылды. Соңку сааттарда бул контрабандалык жүк жана ага таандык бардык материалдар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.
Булак: Майдан.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ