Menu

Фоторепортаж – Президент Сооронбай Жээнбеков Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Нил Маккейнди жана Мэтью Жордан-Танкты кабыл алды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) Борбордук Азия боюнча директору Нил Маккейнди жана Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын директору, Инфраструктуралык долбоорлорду даярдоо Департаментинин башчысы Мэтью Жордан-Танкты кабыл алды.

Мамлекет башчысы ЕРӨБгө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков ЕРӨБ келечектеги узак мөөнөттүү жана туруктуу өнүгүү ишинде Кыргызстандын негизги өнөктөшү экенин белгиледи.

“Кызматташуунун алкагында инвестициялык климатты жакшыртуу, чакан шаарларда муниципалдык жана инфраструктуралык кызматтарды чыңдоо, жеке менчик ишканаларды жанажергиликтүү финансы мекемелерин өнүктүрүү, зайымдар жана гранттарды берүү менен финансы секторун чыңдоо үчүн өтө маанилүү долбоорлор жүзөгө ашырылды. Европалык реконструкция жана өнүгүү банкы Кыргызстанда 166 долбоорду жүзөгө ашырууга 667 млнго жакын евро инвестициялаган. Каражаттар транспорт инфраструктурасы, суу менен камсыз кылуу, суу түтүктөрүн орнотуу системасын жаңыртуу жана реконструкциялоо, айыл чарба, энергетика жана каржы институттарын бекемдөөгө багытталган», – деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

ЕРӨБ өкүлдөрү Нил Маккейн жана Мэтью Жордан-Танк банктын ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасы тууралуу жана кызматташуу боюнча сунуштарын айтышты.

«Биздин артыкчылыктуу багыттарыбыз – бул аймактарды, кичи шаарларды суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жандандыруу жана өнүктүрүү. 2018-жылдын 23-февралында Банк 86 млн еврого Кыргыз Республикасынын ирригациялык инфраструктурасын жаңыртуу боюнча инвестициялык долбоордун концепциясын колдоду. Биз Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Нарын облустарынын ирригациялык инфраструктурасын жаңылантуу, жаңы каналдарды куруу жана иштеп жаткан каналдарды ишке киргизүү, ошондой эле транспорт байланыштарын жакшыртууну пландап жатабыз», – деп маалымдады Нил Маккейн.

Жыйынтыгында Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкы менен кызматташууну жана өлкөнүн аймактарындагы социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууда колдоосун жогору баалай турганын белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 84 = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: